​Бириккен Араб Эмирлигинен Кыргызстандын жарандары келди

  • 4 года мурун

Бүгүн, 26-апрелде, «Fly Dubai» авиакомпаниясынын Дубай-Бишкек каттамы менен Кыргызстандын 178 жараны келди.

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги БАЭ тарабынан Бириккен Араб Эмирлигиндеги Кыргызстандын жарандарын кайтарып келүү үчүн үчүнчү жана 10-майда кошумча каттамдарды уюштуруу боюнча болжолдуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

22-апрелде Новосибирскиден чартердик рейс менен ал жакта келе албай кыйналып жаткан кыргызстандктар алынып келинген. 176 жүргүнчү аба майдандын имаратынын ичине кирбестен, перронунда тейленип, обсервацияга жөнөтүлгөн.

24-апрелде, Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда үзгүлтүксүз аба каттамдарын токтоткон учурдан тартып каттамды күтүп жаткан 351 жаран мекенине кайтып келди.

Сүрөт: ТИМ маалымат департвменти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты