Ооганстандан келген 10 кыргызстандык обсервацияга алынды

  • 4 года мурун

Бүгүн, 27-апрелде, Казакстан аркылуу 10 жараныбыз Ооганстандан, Кабул шаарынан кайтарылды.

Келгендердин баары обсервацияга көзөмөлгө алынды.

Кыргыз Республикасынын жарандарын чет мамлекеттерден кайтаруу боюнча чек аралар жабылган шартта жана эл аралык жүргүнчү авиакаттам токтогондугунан улам КР ТИМи Казакстандын ТИМи менен бирге кызматташып, бул маселе чечилди.

Ал жарандар ооган авиакомпаниясынын коммерциялык чартердик авиакаттамы аркылуу Алматынын эл аралык аэропортуна учуп келишкен.

Ал жактан алар атайын унаа менен саламаттык сактоо кызматкеринин коштоосунда Бишкекке алынып келинди.

Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү республикалык штабы билдирди.

26-апрелде «Fly Dubai» авиакомпаниясынын Дубай-Бишкек каттамы менен Кыргызстандын 178 жараны келген.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты