​Кыргызстанга Түркиядан 351 жаран келди

  • 4 года мурун

Бүгүн, 24-апрелде, «Манас»эл аралык аэропортунда «Түрк авиажолу» авиакомпаниясынын «Стамбул-Бишкек» чартердик каттамын тосуп алышты.

Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү республикалык штабы билдирди.

Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда үзгүлтүксүз аба каттамдарын токтоткон учурдан тартып каттамды күтүп жаткан 351 жаран мекенине кайтып келди.

Чет өлкөдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын кайтарып алуу боюнча иштер улантылып жатат.

«Манас” эл аралык аэропортунда 22-апрелде Новосибирскиден келген чартердик рейсти тосуп алышты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты