Новосибирскиде калган кыргызстандыктар акыры келишти

  • 4 года мурун

«Манас” эл аралык аэропортунда 22-апрелде Новосибирскиден келген чартердик рейсти тосуп алышты.

Баарынын коопсуздугу үчүн 176 жүргүнчү аба майдандын имаратынын ичине кирбестен, перронунда тейленип, обсервацияга жөнөтүлдү.

Новосибирскиге Бишкектен Россия Федерациясынын жарандары учуп кетет.

Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу жана мындан ары болтурбоо боюнча республикалык штабы билдирди.

24-апрелде Стамбул-Бишкек чартердик каттамы менен 350 кыргызстандыктын келери пландалып жатат.

Чет жакта жүрүп, коронавируска байланыштуу чек аралар жабылгандыктан мекенине кайта албай калган кыргызстандыктар маселеси 15-апрелде парламенттин жалпы жыйынында талкууланган негизги көйгөйлөрдүн бири болгон.

Сүрөт: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты