​Коронавируска чалдыккан бейтаптар акысыз дарыланат

  • 4 года мурун

Коронавируска чалдыгып, ооруканага жатып калган учурда бейтаптарга бардык чыгашалар бюджеттен каржыланат – дары-дармек, медициналык каражаттар алынат жана ооруканага жаткандагы орундук үчүн төлөнөт.

-Дарылоо дарттын түрүнө жараша төрткө бөлүнөт: жеӊил, орто, оор жана өтө оор.

Илдет кандай түрдө өтүп жатканына жараша, дарылоого 7988 сом (жеӊил), 16 миӊ 370 сом (орто), 74 миӊ 764 сом (оор), 118 миӊ 807 сом (өтө оор) сарпталат, — деп билдирди саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Буга чейин Кыргызстанда деле коронавируска чалдыккан ар бир учурду дарылоого, жана медициналык жактан тейлөөгө Өзбекстандагыдай 3 миң доллар чыгым жумшалат болушу керек деп айтылган.

Андан кийин Кыргызстанда стационардагы COVID-19 вирусуна чалдыккан бир бейтапты дарылоонун орточу наркы оордугунун даражасына жараша 8000 сомдон 120 000 сомго чейин түзөт деп тактоо киргизилген.

Иллюстрациялык сүрөт. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты