​Кыргызстанда бир бейтапты дарылоого 3 миң доллар кетиши ыктымал дегенге ишенүүгө болобу?

Өзбекстандын саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жуккан кишини дарылоого бир бейтапка 3 миң доллар сарпталат деп билдирди. Ал эми Кыргызстанда канча каражат кетет?

Бул суроого саламаттык сактоо министриниин орун басары Нурболот Үсөнбаев мындайча жооп берди:

-Биз азыркы күндө бир бейтапты коронавирустан дарылоого канча социалдык-экономикалык чыгым келээрин эсептөөгө жетише элекпиз.

Бирок Кыргызстанда деле коронавируска чалдыккан ар бир учурду дарылоого, жана медициналык жактан тейлөөгө ошондой эле чыгым жумшалат болушу керек, — деп билдирди КР саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйынында.

24-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 25 учуру катталды. Коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 656 болду.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 322 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. 8 киши каза тапты.

Ал эми социалдык тармактарда бир бейтапты коронвирсутан дарылоого 3 миң доллар кетет деген ишенүүгү мүмкүн эместиги тууралуу пикирлер айтылууда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты