​Дарт менен күрөшкөн отуз эки күн

Бейтаптын өмүрүн сактап калуу үчүн отуз эки күн коронавирус менен күрөшүштү.

20-апрелде Ош облусунун Ноокат аймактык ооруканасынан коронавирус инфекциясы менен оор абалда келген бейтап чыгарылды. Медицина кызматкерлери анын өмүрүн сактап калуу үчүн бир айдан ашык убакыт күрөшкөн.

Ноокат аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Дилшат Мамажановдун айтымында, Covid-19 илдети менен ооруган бейтапты дарылоо төрт этапта өткөн.

Республика боюнча 24-апрелге карата СOVID-19 инфекциясынын жаңы 25 учуру катталды. Коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 656 болду.

Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 322 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. 8 киши каза тапты.

Сүрөттөр: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты