​Коронавирус жуктурган 26 кишинин жарымы кичи ажылыктан келгендер

  • 4 года мурун

COVID-19 вирусун жуктуруп алганы катталган 26 жаӊы учурдун ичинен: 14 киши Сауд Аравиясынан кичи ажалыктан келишкен. Калгандары – алар менен байланышта болгондор.

Жаӊы аныкталган 26 учур төмөндөгү район-шаарлардын аймактарында аныкталган:

Сузак районунда – 9 киши;

Ала-Бука районунда – 2;

Ош шаарында – 1;

Кара-Суу районунда – 8;

Ноокат районунда – 6 киши.

Ооругандардын арасында энесинен жуккан 1 эмчектеги наристе жана 14 жаштагы өспүрүм бар. Калган бейтаптардын жашы – 16 жаштан 86 жашка чейин.

Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу жана жайылуусуна каршы күрөшүү штабынан билдиришти.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-мартта, Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Жарлык коронавирустун дүйнөдө күч алышынан жана Кыргызстанда катталышынан улам кабыл алынды.

24-мартка карата республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталды. Мындан улам, Кыргызстанда жалпы 42 кишиде COVID-19 вирусу аныкталды.

Кыргызстанда 22-марттан тартып бир айга өзгөчө кырдаал киргизилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты