​Малик Нурдинов Ош шаарынын, Ноокат, Кара-Суу райондорунун коменданты болуп дайындалды

  • 4 года мурун

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Малик Нурдинов Ош шаарынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун коменданты болуп дайындалды. Аны вице-премьер-министри Акрам Мадумаров тааныштырды.

Белгилей кетсек, өзгөчө абал киргизилгенде же мыйзамда көрсөтүлгөн кризистик кырдаал түзүлгөндө Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы ички иштер органдарынын күчтөрүн жана каражаттарын, улуттук коопсуздукту, жарандык коргоону, өзүнүн компетенциясынын алкагында улуттук коопсуздукту камсыз кылууга тартылган Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын ыкчам башкаруунун жана координациялоонун жогорку органы болуп саналат.

Өзгөчө абал режимин камсыздаган күчтөрдү жана каражаттарды бирдиктүү башкарууну ишке ашыруу үчүн өзгөчө абал киргизүү жөнүндө акт кабыл алган, чыгарган орган же кызмат адамы тарабынан өзгөчө абал киргизилген аймактын коменданты дайындалат.

Бул тууралуу коронавирустун алдын-алуу жана күрөшүү штабынан билдиришти.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-мартта, Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду.

Кыргызстанда 22-марттан тартып бир айга өзгөчө кырдаал киргизилди.

24-мартка карата республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталды.. Бардыгы 42 болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты