Жалал-Абадда эки ыкчам лаборатория ачылат
- 4 года мурун
Коронавирусту тез аныктоо үчүн эки ыкчам лаборатория ишке киргизилет.
“Коронавирусту аныктоо үчүн Жалал-Абадда эки ыкчам лаборатория ачууну пландап жатабыз” деп билдирди саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 19-марттагы маалымат жыйынында.
Министрдин айтымында, лаборатория күнү-түнү иштеп жатат. Бишкектен тажрыйбалуу вирусологдор Жалал-Абадга жиберилди.
Ооруканаларда жана “Манас” аэропортунда врачтар күнү-түнү иштеп жатканы маалымдалды.
18-мартта министр Чолпонбаев коронавирустун алдын алуу штабынын жыйыныныда Кыргызстанда үч кишиден коронавирус аныкталганын билдирди.
Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилди.
19-мартка карата дүйнөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 8810 кишиге жетти. Коронавирустан 84 113 киши айыкты.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) 11-мартта коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.
Сүрөт: kabar.kg