Кыйноого каршы борбор Кочкор-Атада милиция кызматкерлеринин ырайымсыз мамилеси боюнча Башкы прокуратурага кайрылат    

  • 4 недели мурун

Кыйноого каршы улуттук борбор 27-мартта Кочкор-Ата базарында шектүүлөрдү кармоодогу милиция кызматкерлеринин ырайымсыз мамилеси боюнча Башкы прокуратурага кайрылат.

Аталган борбордун билдирүүсү боюнча, кармоодо бери дегенде эки укук бузуу бар, ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери шектүүлөрдү кармоодо алардын ден соолугуна атайылап залал келтиргени жана бейбаштыкка шектелген жаранды кармоо учурунда ашыкча күч колдонушу ( күч структурасынын атайын багыттагы топ менен кармоосу).

«Облустук ички иштер кызматкерлеринин шектүүнү кармоодо, ага жана уулуна күч колдонушу бери дегенде ырайымсыз, катаал мамиле жасалган деп айтууга болот» деп белгиленди аталган борбордун билдирүүсүндө. 

Бүгүнкү күндө шектүүнүн уулу ооруканада жатканы кабарланды.

27-мартта Интернетке тараган видеодон укук коргоо органдарынын кызматкерлери бир адамды жерге жаткырып кармап жатканын көрүүгө болот. Ошол тапта жаш бала чуркап келип беткапчан адамдарды тээп жиберген.

Милиция кызматкерлери тээп жиберген шектүүнүн уулу да убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин жана окуя териштирилип жатканын кабарлаган.

Маалыматка ылайык, кармалган шектүүгө каршы Ноокен райондук милициясына О.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 4-мартта Кочкор-Ата шаарында жеке күзөт кызматынын кызматкерине алты адам зомбулук көрсөткөнүн айтып, чара көрүүнү суранган.

Аталган факт кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен катталып, иш козголгон. Шектүү, Ноокен районунун тургуну Н.С. аттуу жаран бир нече жолу тергөөгө чакырылып, бирок келбей жүргөнү айтылат.

Сүрөт: Видео тасмадан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты