Кыргызстанда бүгүн экинчи ирет жер титиреди   

  • 1 месяц мурун

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 22-мартта, саат 16:12де Кыргызстандын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык, очогунда күчү 3 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.  

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум, Жыл-Кол, Кызыл-Жар айылдарында, Таш-Көмүр шаарынын Шамалды-Сай шаарчасында жана Теңдик айылында 3 баллга (Кум айылынан 2 чакырым түндүк батышта, Жыл-Кол айылынан 4 чакырым түштүк чыгышта, Кызыл-Жар айылынан 4 чакырым түндүк чыгышта, Шамалды-Сай шаарынан 6 чакырым түндүк батышта) чейин сезилген.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бүгүн, 22-мартта, саат 9:47де Тажикистандын аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган, ал Кыргызстанда да сезилип, 4 баллга жеткен.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты