​Сеитов: «Тартип бузулганы үчүн митингдин уюштуруучулары жооп берет» (Видео)

2-мартта Бишкекте тартип бузулуп, таш ыргытылып, автоунаалар, мекеме ишканалар жабыркады. Бул үчүн түздөн-түз митингдин уюштуруучулары жооп берет. Мындай маалыматты ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов журналисттерге билдирди.

«Митингде чагым болгону үчүн да алар жооп беришет. Мындан тышкары келтирилген чыгымдардын баарын уюштуруучулар төлөп беришет. Ушул тапта Бишкекте абал туруктуу. Биз ыкчам аракеттерди жүргүзүп жатабыз, чагым кылгандарды аныктап, тактап, тиешелүү чараларды көрөбүз. Түрдүү чагымдар айтылды, Акүйдү басып алабыз, бийликти тартып алабыз деген чакырыктар айтылды. Митингдин катышуучулары аларды башкара албай калышты» деди Сеитов.

Ал митингчилерди кууп таркатуу учурунда кармалгандардын так саны, митингчилер менен милиция кызматкерлеринен жаракат алгандар, тараптардын бири-бирине таш ыргытуулары тууралуу так маалымат берген жок.

«2-мартта тынч митингди өткөрүүгө саат 13:00дөн 17:00гө чейин гана уруксат берилген» деп билдирди Сейитов. Анын айтымында бул митингге 800 чамалуу киши катышты. Буга чейин байкоочулар жана митингдин катышуучулары аянтка 3 миңден 5 миңге чейин киши чогулганын айтышкан.

2-мартта Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен уюштурулган митингдин соңунда тараптар кагылышып, милиция митингдин катышуучуларын күч менен таркатып, айрымдарын кармады.

Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында митинг уюштурган деп жана экс-губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алган деп айыпталган.

Бишкектин Биринчи май райсоту Жапаровду 2017-жылдын 2-августунда кылмыш-жаза кодексинин 227-беренеси (“Бийлик өкүлүн барымтага алуу”) боюнча күнөөлүү деп тапкан. Анын негизинде он бир жыл алты айга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыраткан.

2019-жылы 30-апрелде Жогорку сот Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтүн бир жарым жылга кыскарткан. Сотто Жапаровдун иши боюнча жаза — 10 жыл эркинен ажыратылсын деп табылган.

Буга чейин Жапаров президентке ырайым сурап кайрылган болчу. Президент Сооронбай Жээнбеков бул маселе мыйзамга ылайык чечилерин билдирген.

Митингди таратуу учурундагы сүрөттөр. «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты