​Дональд Трамп: азырынча коронавирус АКШга олуттуу коркунуч жаратпайт

  • 4 года мурун

Шаршемби күнү кечинде АКШнын президенти Дональд Трамп коронавируска арналган атайын брифинг өткөрүп, учурда бул вирус Кошмо Штаттарга олуттуу коркунуч жаратпай турганын билдирди.

Трамптын айтымында, коронавируска каршы күрөшүү боюнча федералдык жана жергиликтүү бийликтин ишин вице-президент Майк Пенс көзөмөлдөйт.

«Биз бардыгына даярбыз. Абалга жараша чараларды көрүп, вирус жайылса бардык зарыл иштерди жасоого даярбыз» деди Трамп.

Брифингде дартты көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча федералдык борбордун директорунун орун басары Энн Шучат өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны көбөйө турганын эскертти.

Трамп демократтар менен ЖМКларды жаңы вирустун кооптуулугу тууралуу «аша чаап жатышат» деп айыптады. Демократтар коронавируска каршы күрөшүү үчүн Трамп сураган 2,5 миллиард доллар жетишсиз экенин айтып, бул сумманы кеминде эки эсеге көбөйтүүнү сунуштап жатышат.

АКШда коронавирус жуктурган 57 адам аныкталган. Алардын 42си карантинге алынган саякат кемесинен эвакуацияланган америкалык жарандар.

Соңку маалымат боюнча Кыргызстанда 146 адамдын саламаттыгы көзөмөлдө, алардан вирустун белгилери табылган жок.

Кытайдан тышкары 35 өлкөдө катталган коронавирус дээрлик 78 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 2715 адам каза болду, 30 миңдейи айыгып чыкты.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты