Жогорку Кеңеш коронавирус тууралуу маалымат угат

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңеш Кытайдагы коронавирус эпидемиясына байланыштуу Кыргызстанда алдын алуу иштери кандай жүрүп жатканын талкуулайт. Бул маселени парламенттин бүгүнкү жыйынында депутат Эмил Токтошев көтөрдү.

Ал эми депутат Таабалды Тиллаев маселенин медициналык гана өңүтүнө токтолбостон, экономикалык жагына да көңүл бурууга чакырды.

«Эгер өкмөттү чакырсак, экономикалык жагын да карашыбыз керек. Себеби Кытай менен чек ара жабык турат. Бюджет кандай болуп жатат, салыктар кандай түшүп жатат?» деди Тиллаев.

Соңку маалымат боюнча Кыргызстанда 146 адамдын саламаттыгы көзөмөлдө, алардан вирустун белгилери табылган жок.

Кытайдан тышкары 35 өлкөдө катталган коронавирус дээрлик 78 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 2715 адам каза болду, 30 миңдейи айыгып чыкты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты