«Мариуполдогу 20 күн» даректүү тасмасы «Оскар» сыйлыгын жеңди

  • 2 месяца мурун

Лос-Анжелесте «Оскар» киносыйлыгынын кезектеги жеңүүчүлөрү аныкталды.

«Азаттык» кабарлагандай, Кристофер Ноландын “Оппенгеймер” тасмасы эң мыкты фильм аталса, Мстислав Черновдун “Мариуполдогу 20 күн” фильми эң мыкты даректүү тасма болду, мультфильмдерден Хаяо Миязакинин “Бала жана куш” эмгеги жеңди.

Черновдун фильми Орусиянын Украинага басып киришинин алгачкы күндөрүн, тагыраагы Мариуполь курчоого алынган учурларын чагылдырат. Режиссер бул Украинанын тарыхындагы биринчи «Оскар» экенин белгиледи. Буга чейин «Мариуполдогу 20 күн» бир нече эл аралык сыйлыктарды алган.

Мыкты режиссерлук, операторлук иш, монтаж жана саундтрек үчүн сыйлыктар кошулуп, «Оппенгеймер» жети айкел алды. Киллиан Мёрфи башкы ролду аткарган эң мыкты актер деп табылса, кичүү Роберт Дауни экинчи пландагы эң мыкты актер болду.

«Бактысыз кедейлер» комедиялык драмасы костюм, макияж жана чач жасалгасы үчүн төрт сыйлыкка ээ болду. Башкы каармандын ролун аткарган Эмма Стоун эң мыкты актриса деп табылды.

Грета Гервигдин жети номинацияда көрсөтүлгөн феминисттик «Барби» тасмасы бир айкелге ээ болду, ал Билли Эйлиштин «Мен эмне үчүн жаратылганмын?» деген ыры үчүн ыйгарылды.

Америкалык киноиндустрияны өнүктүрүү максатында негизделген сыйлык 1940-жылдары «Оскар» деген аталышка ээ болгон. Сыйлык берүү аземи жыл сайын АКШнын Лос-Анжелес шаарында өтөт. Иш-чара дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндө көрсөтүлөт.

Сүрөт: AP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты