​Ысык-Көл облусунда жер титиреди

Жаңылыктар

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 15-февралда, саат 09:31де Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Эңилчек, Кургак, Таш-Короо айылдарында - 4,5 балл, Койлуу, Май-Саз айылдарында - 3,5 балл, Каракол шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иллюстрациялык сүрөт.

ЖаңылыктарКыргызстанЫсык-Көлжер титирөөсейсмологияӨКМ