Кытайдагы жер титирөө Кыргызстанда да сезилди  

  • 3 недели мурун

Сейсмология институтунун Өзгөчө кырдаалдар министрлигине берген маалыматына ылайык, 12-апрель күнү саат 14:13тө Кытайда очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Ал Кыргызстанда да сезилди.

Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел, Ыштык айылдарында 3 баллга (Бедел айылынан 42 чакырым түштүк чыгышта, Кажы-Сай айылынан 158 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты