Орусиянын Оренбург облусунда дагы бир дарыя жээктен чыкты

  • 3 недели мурун

Орусиянын Оренбург облусунун Орск шаарында дагы бир дарыя – Елшанка жээктен чыкты.  

Бул тууралуу шаардын мэри Василий Козупица билдирди. Аткаминер тургундарды буюмдарын жана документтерин чогултуп, коопсуз жайга көчүүгө чакырды.

6-апрелге караган түнү Урал дарыясынын жээгиндеги дамба жарылгандан кийин да Оренбург облусундагы ири шаарлардын бири Орскту суу каптаган. Шаарга келген Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысы Александр Куренков ал жердеги абалды «оор» деп баалаган. Шаарда 4518 турак жайды жана 4587 бакчаны суу каптаган.

7-апрелде Орск шаарында эвакуация жүрдү. Суу каптаган аймактардан төрт миңден ашык адам, анын ичинде 885 бала эвакуацияланды. Жабырлануучуларды кабыл алуу үчүн бийлик сегиз миңден ашык койкалуу 11 убактылуу жайгаштыруу борборун уюштурган.

Орусиянын саламаттык сактоо министрлиги 7-апрелде Орск шаарындагы кырдаалга байланыштуу 99 адам, анын ичинде 18 бала медициналык жардам сурап кайрылганын, анын ичинен алты чоң адам жана үч бала ооруканага жаткырылганын билдирген. «Алардын абалы кооптуу эмес. Калгандарына амбулатордук негизде жардам көрсөтүлдү» деди Орусиянын саламаттык сактоо министринин жардамчысы Алексей Кузнецов.

Буга чейин бийлик суу каптаган Орск шаарында төрт адам каза болгонун кабарлаган, бирок алардын бири да сууга чөккөн эмес, өлүм башка себептерден улам болгон деп айтылат.

Орск шаарынын кээ бир райондорунда суу биринчи кабаттардын терезелерине чейин жетүүдө. Жашоочулар шаарда кайык менен жүрүшөт. Селден улам Орск шаарынын бардык мектептери аралыктан окууга өттү. Табигый кырсыктан улам мунайды кайра иштетүүчү завод да иштебей калды.

Мындан 10 жылдан ашык убакыт мурда Уралдын эки жээгинде шаарды суу ташкынынан коргоо максатында плотиналар курулган. Быйыл суунун басымына дамбалар туруштук бере алган эмес.

Жергиликтүү бийликтин байкоосунда, Оренбург облусу тарыхта эң ири суу ташкынына кабылды. Жекшембиде өкмөттүк комиссия Оренбург облусундагы селди федералдык өзгөчө кырдаалдын катарына кошуу чечимин кабыл алды. Инфраструктурага келтирилген зыян 21 миллиард рублга бааланууда. 7-апрелдин кечинде 77 калктуу конушта 10 миңден ашык турак жайды жана 18 миң кожолук үлүш жерлерин суу каптаган.

Бул факты боюнча эки берене – курулуш иштерин жүргүзүүдө коопсуздук эрежелерин бузуу жана шалаакылык боюнча кылмыш иши козголду.

Росгидромет селдин туу чокусу 10-апрелде болот деп болжолдоодо. 20-апрелден кийин аймакта абалдын турукташуусу күтүлүүдө.

Сүрөт: TASS

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты