Жыл ичинде биз менен бирге болгонуңузга рахмат!

Узап бара жаткан жыл ПолитКлиника медиасы үчүн эң ийгиликтүү, жемиштүү жылдардан болду. Биз буга чейин 2013-жылдан бери кагазга басылып чыккан коомдук-саясий гезит болсок, бул жылы замандын агымы менен онлайн медиага айландык.

2019-жылдын эң эле жетишкендиги Internews Kyrgyzstan уюмунун #Медиа-К долбоорунун алкагында аларга негизги өнөктөш болгонубуз болду. Долбоордун колдоосу менен биз туруктуу окурмандарды арттырып, көз карандысыз медиа катары күчтөндүк. Бул үчүн Internews Kyrgyzstan’га, анын жетекчиси Элина Каракуловага, кызматкерлери Азамат Тынаевге, Валентина Галичке, Назик Чекировага, Элима Жапаровага чоң ыраазычылык билдиребиз.

Долбоордун алкагында редакциябыз заманбап техника менен камсыз болду, мультимедиалык медиага ылайыкталып www.pk.kg сайтыбыз кайра жасалды.

Журналисттерибиз менен 15тен ашык ар кайсы багытта тренинг, окутуулардан өттүк. Бул окуулардан өткөн сайын биз журналистика бир орунда турбай жатканын, ал улам жаңы нерселер менен байып жатканын, аларды кууп жетип, үйрөнүп турбасаң замандан артта калып каларыңды түшүндүк. Анан, албетте, үйрөнгөндөрүбүздү материалдарыбызда колдонуп жаттык.

Бул жыл ичинде биз менен тыгыз кызматташкан өнөктөштөрүбүз Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу боюнча институт – IWPR’га жана анын жетекчиси Абахон Султаназаровго, анын кызматкерлери Мээрим Шамудинова, Алмазкан Акматовага, Cabar.asia аналитикалык долбооруна жана анын редактору Тимур Токтоналиевге, Булан институтуна жана анын жетекчиси Чолпон Орозобековага, “Мегаком” уюлдук операторунун ээси “Альфа Телеком” ЖАКсынын жетекчиси Акылбек Жамангуловго жана ушул компаниянын жарнама ана PR бөлүмүнүн жетекчиси Жумгалбек Өмүркановго, «Журналисттер» коомдук бирикмесинин жетекчиси Марс Төлөгөновго жана кызматкери Марат Токоевге өзгөчө ыраазычылык билдиребиз.

Жаңы жылдагы жаңы долбоорубузга дем берген “Сорос” фондунун коммуникация боюнча координатору Тынымгүл Эшиевага дагы өзгөчө ыраазычылык билдиребиз.

Жыл ичинде биз 10го жакын журналисттик иликтөөлөрдү жасадык. Иликтөө жаатында дагы көп нерселерди үйрөндүк, окудук, такшалдык. Биз жасаган иликтөөлөрдүн негизинде укук коргоо органдары териштирүү иштерин баштаган учурлар болду. IWPR бизге иштетүүнү ишенип өткөрүп берген “Журналисттик иликтөөлөр бюросун” биз коомдук фонд катары каттоодон өткөрдүк. Буюрса, иликтөө жаатында дагы жаңы жылга чоң максаттарыбыз, пландарыбыз бар.

Бул, буюрса, чек эмес. Биз өзүбүздүн мисалыбыз менен Кыргызстанда саясый фигуралардын, олигархтардын колдоосу жок эле бардык маанисинен алганда көз карандысыз массалык маалымат каражатын түптөөгө боло турганын далилдеп келе жатабыз.

Баарыңыздардын кирип келе жаткан жаңы жылыңыздар менен ПолитКлиника медиасынын кызматкерлеринин атынан куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер! Ишиңиздерге ийгилик, үйбүлөңүздөргө, мамлекетибизге тынчтык каалаймын!

Урматым менен, ПолитКлиника медиасынын башкы редактору Дилбар Алимова

Баса, жыл ичинде биздин эң көп окулган макалаларыбыз төмөнкүлөр болду. Эгерде сиз аларды окуй элек болсоңуз анда бул шилтемелерге кирип окусаңыз болот:

Журналисттик иликтөө: Нариман Түлеевдин жер мафиясы

https://pk.kg/news/14380

Как удалось Айдай Алмазбековой поступить в один из лучших университетов Кореи?

https://pk.kg/news/13874

“Трансгендер болууну Кудайдан тилеп алган эмесмин. Бул — тагдырдын тайгүлүк ташы”

https://pk.kg/news/13416

Болот Шамшиев дүйнөдөн өттү. Кино, үй-бүлө, арманы тууралуу акыркы маеги

https://pk.kg/news/16770

Чиновники и богачи завладели землей двора дома престарелых

https://pk.kg/news/13683

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты