​Болот Шамшиев дүйнөдөн өттү. Кино, үй-бүлө, арманы тууралуу акыркы маеги

СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Болот Шамшиев 78 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Шамшиев “Бөрү зындан”, “Ак кеме”, “Эрте келген турналар”, “Снайперлер”, “Караш-Караш окуясы” жана башка кыргыз керемети аталган кинолордун режиссеру эле.

Мындан үч жыл мурда “ПолитКлиникага” кино тармагы, үй- бүлөсү, балдары, арманы тууралуу маек курган эле. Ошол маекти кайрадан басууну туура көрдүк.

Болот агай, эсиңизде болсо, Москвадан «Снайперлер» аттуу фильм тартып жүргөн кезиңизде россиялык журнал үчүн сизден интервью уюштурдук эле. Анда “Казакфильмден” сунуш түшүп, казактын баатыр кызы Алия Молдогулова тууралуу тасма тартып жүргөн элеңиз…

— Мындан отуз жыл мурда тартылган “Снайпер” фильмин ырас эсиме салбадыңызбы! “Казакфильмден” тасма тартканымдын себеби жаштарга орун бошотуп, кино тартууга мүмкүнчүлүк берейин деген ниетим болгон. Бирок бүгүнкү жаштар мага орун бербей жатышат. Мына, жыйырма беш жылдан бери мага мамлекет тарабынан көркөм фильм тартууга каражат бөлүнбөйт. Бул ак ниет атаандаштык эмес.

— Жаңы тасма тартпасаңыз деле “Караш-караш окуясы”, “Ак кеме”, “Эрте жаздагы турналар”, “Бөрү зындан” ж.б. кыргыздын керемет көркөм фильмдерин жараткан залкар режиссер болуп кала бересиз да…

— Мен деле тирүү жанмын да! Менин дагы кино тарткым келет. Чейрек кылымдан бери бир дагы кино тарткан жокмун! Мен тарткан деңгээлге кийинки көркөм фильмдердин бирөө дагы жете элек, кийинки фильмдердин сапаты төмөн. Кимдир-бирөөлөргө жашыруун каналдар аркылуубу, айтор, тасма тартууга каражат табылып жатат. Садык Шерниязга “Курманжан датка” үчүн 80 млн, “Тайлак баатырга” 100 млн, Эрнест Абдыжапаровго 20 млн. табылды, азыр “Саякбайды” тартып жатат. Шамшиевге болсо жарым тыйын дагы бөлүнө элек. Киноматография департаменти мени такыр эле көрбөйт. Баары ачык-айкын болуп, көркөм фильмдерге тендер өткөрүлсө, мен да катышмакмын да.

— “Курманжан датка” фильмине кандай баа берээр элеңиз?

— Садык Шер Нияз тасманы эки жарым жыл тартты, ал эми биз үч айда тартчубуз. Мурда тасманы ийине жеткирмейинче кабыл алышчу эмес. Мелис Убукеев эскертүү алып, жыйырма жыл ага тасма тарттырбай коюшкан. “Бөрү зындан” 1984-жылы 22 млн көрүүчү топтоп, алты жылда 100 миллион доллар киреше алып келген. Кана, “Курманжан датка” жумшалган кирешени жаптыбы? Жаба элек. Мыкты фильм жаралыш үчүн кино сынчылар болуш керек. Азыр Гүлбара Төлөмүшевадан башка кино сынчы жок. Сынчылар катардагы көрөрмандын көзүн ачып, фильмди сындан өткөрүп турушу керек эле. Ушул сентябрь айы ичинде кино тартууга элден акча чогулта баштайм. Карапайым кишилер 5-10 сомдон беришсе дагы, каражат топтоп, тасма тартайын деген тилегим бар.


— Каражат жыйналып калса, кандай тасма тартаар элеңиз?

— Бир канча романдын сценарийи даяр. 2017-жылы советтик мыкты чалгынчылардын бири Жумабек Асанкуловдун —90 жылдык юбилейи. Кыргыздын атайын отряды Ооганстандан америкалык ракетаны кандайча издегенин айтып берсек биз үчүн сыймык эле болбойбу! Жумабек Асанкулов Ооганстанда советтик мыкты чалгынчы болуп, эң баалуу маалыматтарды жыйнаган. Эмнеге Ооганстандын жетекчилиги советтик аскерлерди киргизүүдөн жыйырма жолу баш тартышкан? Бул маселеде Жумабек агабыздын салымы чоң. Же болбосо 700 жыл мурунку Ысык-Көлдөгү Тамплер рыцарларынын алтындары тууралуу тасманын он сериясы даяр, аны тартсак анык элдик фильм болот, 40-50 сериялуу болуп, Ысык-Көлдү даңазасын арттырууга салым кошмок. Төрөкул Айтматов тууралуу “Төрөкул менен Нагима” аттуу кыргыз—россиялык тасма тартсак не деген керемет болмок! Бул жерде улуу сүйүү тууралуу айтып бермекпиз. Алардын залкар уулду, Чыңгызды, жарык дүйнөгө алып келгендиги эле эмне деген сөз. Төрөкул Айтматовдун Жусуп Абдрахманов менен достугу, Нагима апанын күйөөсүн камаганда төрт баласы менен Төрөкулдун Ата журтуна кайтып келип тарбиялаганын айтып берсек жакшы болмок. Булардан тышкары“Сүйүү бийи”, “Каныша жана олигарх” деген романдарды да жаздым.

— Керемет тасмаларыңызды өзүңүз кайталап көрөсүзбү?

— Мен артка кылчайып карабайм. Ошол тасмаларды тартып жүргөндө кинодон башка эч нерсеге атайылап алагды болгон жокмун, китеп окубай, телевизор көрбөй, кенедей жаңылык тапсам, ошого жабышып, жалаң гана кино тасма менен жашачумун.

“Ак кемеде” бешикте жаткан баланы сууга салыш керек болгондо кимдин бешиктеги баласын сууга салалы деп сурайт элем, алты айлык кызым Сүйүтайды бешикке салып, сууга салган болчумун. Дагы фильмде баланын колу күйгөн жерде өзүм колумду күйгүзүп, тажрыйба жасап көрүп, коопсуздугунун аныгына жеткенден кийин гана баланы тасмага тартканбыз.





















— Азыр тасма тартсаңыз, татыктуу артисттерди таба аласызбы?

— Ананчы! Кыргызым абдан таланттуу калк, арасынан татыктуулары табылбай койбойт. Сагымбай, Саякбай сыяктуу залкарлар эл ичинен чыккан. Сүймөнкулду да эл арасынан таап алгам. Бул ролго Сүймөнкулдан башка эч кимди сынап көргөн эмесмин. Мен аны артисттик чеберчилик боюнча өзүм “окутуп” чыгарып, билгенимди үйрөтүп, күч-кубатымдын баарын жумшагам. Ошентип Сүймөнкулду “Караш-Караштагы” Бактыгулга айланткам.

Карапайым калк болбосо, азыр мен кино тартпай калганда кантип жүрөр элем, билбейм. Көчөдөн эл таанып, сыйлап, жаңы кинону күтүп жатабыз деп дем берип турат. Ал тургай базарга барсам, этти бекер беребиз дешет, бекер албайм десем, ой-боюма койбой, баасын түшүрүп беришет.

— Жаңы тасмаңыз баягыдай керемет чыкпай калса, анда кандай кылмаксыз?

— Мүчүлүштүк кетпейт деп эч ким кепилдик алган эмес. Ал тургай улуу Феллиниден да мүчүлүштүк кеткен. Кемчилик кетет экен деп таптакыр иштебей койбойбуз да. Канткен менен өзүмдүн көрүүчүлөрүм бар,мен профессионал режиссермун.

— Уул-кыздарыңыздан сиздин жолуңузду жолдогону жокпу?

— Чыңгыз кесип тандоо алдында турганда, 90-жылдар эле, мен режиссерлуктан башка эле кесипти тандап алгын деп айткам. Анткени өзүм жумушсуз жүргөм. Чыңгыз графика сүрөт тартат, андан мыкты режиссер чыкмак, өтө сезимтал, сөзгө чечен. Бирок окумуштуу болуп алды, экономика доктору, Борбор Азия америкалык университетинин проректору, өзү жөнөкөй, саясатка аралашпайт.

— “Аптап” (“Зной) фильминде алгачкы ролду аткарган кезиңизге уулуңуз өтө окшош ээ?

— Ооба, бирок ал бойлуу, кыздар артынан көп ээрчийт. Менин боюм кичине болуп, кыздар мени көп карачу эмес. (Тамаша). Кызым Сүйүтай да таланттуу, азыр беш баласы менен үйдө. Үй жумушу абдан оор да. Сиздердин гезит аркылуу бир өкүнүчүмдү айта кетейин: Мен он жыл депутат болуп олтурганда экиден кем эмес балалуу аялзатына эмгек стажы жүрүп турсун деген мыйзам жазсам болмок экен деп өкүнүп келем. Булардан башка дагы кичине эки уулум жана эки жарым жаштагы дагы бир кызым бар.

— Интернет булактарындагы өмүр таржымалыңыз тууралуу маалыматта эки аялыңыз жазылган экен, эмнеге андай?

— Айтурган Темирова менен ажырашып кеткениме көп эле болду, балким мурунку аялы деп кошуп коюшса керек. Ал Чехословакияга турмушка чыккан. Азыркы жубайым Ая-Софиянын эки жогорку билими бар, тянь-шандык. Бала багып, үйдө олтурат.

— Айып көрбөсөңүз, эки таланттуу чыгармачыл жубайлар неге ажырашып кеткен себебин айта аласызбы?

— Мүнөзүбүз келишпей калды. Айтурган өзүн «жылдыз» сезип алып, ага тоскоол боло баштасам керек. Аялзаты ар убак жаш бойдон калгысы келет экен. Жанындагы жубайы да жаш болуш керек окшойт. Биздин мамилебиз жаман эмес, ортодо балдарыбыз бар, катышып турабыз.

— Адамдын жан дүйнөсүн мыкты сезе билген залкар режиссер Айтургандан кийинки экинчи жубайы болгон аялга кантип алданып калды эле?

— Адамга, аялыңа ишенесиң да. Ал тапкандарымды жок кылып, сызга олтургузуп кетти. Он жылдай өз колум менен салган үч кабат үйүмдү өрттөп жиберди. 30 жылдык архивимди жок кылды. Сот ал аялга жан тартып койду. Менден катып кеткен акчалары ага да буюрбай, ошол сотторго төлөп, кутулуп кетти.





— Айтурганды Снайпердеги” Советтер Союзунун баатыры Алия аттуу каармандын өзүнө окшоштуруп тандаган экенсиз деп көрүүчүлөр айтышабы?

— Биз да ал экөө окшош экен деп ойлогонбуз. Бирок Казакстанда айрым кишилер эмнеге Алияны казак кыз эмес, кыргызстандык кыз ойноду деп талашып-тартышышкан. Ал— Айтургандын мыкты ролу болуп калды. Андан жакшы эч ким ойной алмак эмес. Тасмадагы кыздын өз аты — Адай. Казактарда “Таанысаң адаймын, тааныбасаң кудаймын” деген ылакап бар, ал ошол адайлардан, кичүү жүздүн кызы. Москвадан Алиянын бейитине баргам, аны жерге бергенде секелек кыз болгон аял “Айтурганды көрсөтүп, Алия так ушул кызга окшош болчу” деп айткан. Ал кыз Улуу Ата Мекендик согушта снайпер болуп, Советтер Союзунун баатыры деген жогорку наамга татыктуу болгон.

— Манасты өзгөчө туу тутарыңыз белгилүү. Манас темасына да кайрыласызбы?

— Манас темасы менин өмүр бою ойлонтуп,толгонтуп келген чексиз булагым. Алла— кудай, Манас болсо — биздин атабыз. Алтайлык кыргыздар ата дегенди “ада” дешет. Ошондо Манас Адам, “Еве”(Ева)—эне деген сөз, Каныкей эне. Демек, кыргыздар бир ата, бир энеден тараган. Ушуну ар бир бала эс тарткан күндөн эсине бекем сактап алышы керек. Еврей калкы энеден тараса, биз атадан таралабыз. Ошондуктан үй-бүлөдө атанын кадыр-баркы жогору болушу керек. Азыр феминизация аялдарды алдыңкы катарга чыгарып, эркектердин ролун төмөн түшүрүп баратат. Биз каада-салтты бекем сакташыбыз керек. Арабдардын кийимин кийип жүргөндөр көбөйдү. Арабдар аялдардын кийимин киет, кыргыз эрендери эч убакта аялдардын кийимин кийген эмес. Жети атаңды, түпкү тегиңди билбесең, анда сен көчөдө жүргөн селсаяктардан эч кандай айырмаң болбой калат.

— Атаңыз Төлөн Шамшиев акын болгон, ал эми апаңызчы?

— Ооба, атам акын, панфиловчу болгон. Мага да акындык өнөр анча-мынча жуккан го, мен да орусча жазам, аз-маз кыргызча ыр жазгам. Апам Авина акушер-гинеколог болчу, Атам согуштан аман-эсен кайтып, жеңишти тойлоп жүргөндө апам үч жумушта иштеп, бизди багып, киши кылды. Бир күнү “Апа, эгер сиз кайрадан жаш болуп, башка кесипти тандай турган болсоңуз, кайсы кесип ээси болот элеңиз» деп сурасам, “ Кандай кесип болсо дагы, акушерликти кайра тандабайт элем» деген. Көрсө аялдардын көз жарганда кыйналганын көрө берип, өзү да кыйналып жүргөн турбайбы. Апам чоң манап Канайдын чөбөрөсү болот. Канай менен Жанкарач бир тууган болгон. Атам түштүктөн, апам түндүктөн, мен болсо кыргызстандыкмын. Мен эч убакта бөлүнбөйм.

— Залкар адамдар жалгыз болот экен. Сиздин да көздөй досуңуз жокпу, жалгызсызбы?

— Төлөмүш кетти, Айтматов, Мелис Убукеев, Сүймөнкул кетти. Башкалар менен мен эмне тууралуу сүйлөшөм?

— Жаңы чыгып келаткан режиссерлордун арасынан сиздин баамыңызда таланттуулары барбы?

— Таланттуулары саналуу гана. Аман Камчыбеков бар эле, ал жаш кетип калды. Азыркылардан Руслан Акуновду айтып калышат, ал билимдүү жигит экен.

— Өзүңүз кумир туткандар кимдер?

— Студент кезден режиссер Феллини, Ада Вайбе, Курасава, америкалык бир топ режиссерлорду баалайм.


— Тарткан керемет тасмаларыңыздан калем акы түшүп турабы?

— Кайдан! Жыйырма беш жылдан бери эч кандай каражат түшкөн жок. Анткени кино департаментинин келишимдеринин баары жасалма. “Бөрү зынданды” казактарга эмне үчүн 300 долларга сатып жатышат? Анткени ал кимдир-бирөөнүн сол чөнтөгүнө түшөт. Мен бир гана пенсияга жашап жатам. Көп балалуумун, жубайым бала менен үйдө, иштебейт. Азыр кино уурулар да көбөйүп, Төлөмүш Океевдин, менин ж.б кинолордун эпизоддорун четинен уурдап жатышат. Аларга чара көргөн эч ким жок. Кино сынчылар ушуларды көрүш керек эле.

Жетимиш беш жашка чыгып, бактылуумун деп айта аласызбы?

— Албетте! Жетимиш беш жаш курагымда өзүмдү дурус сезип, кино тартсам деп дегдеп жүрөм. Канча деген даяр, курч сюжеттүү, абдан драмалуу сюжеттерим турат. Мөлтүрөгөн перзенттерим бар. Саламаттыгым чың, кез-кезде эле муундарым ооруйт. Бирок ал карылыктан эмес, отуз жылдан бери эле сыздайт, себеби кино тасма тартып жаткан учурда он саат суу, карды кечип иштегенден кийин бир жарым жыл төшөктө жаткам.

Карапайым калк болбосо, мен кино тартпай калган кийинки жылдары эмне болмокмун, билбейм. Карапайым калк жылуу сөзүн айтып, ар убак мени колдоп, шыктандырып, дем берип келет. Калкымдан каражат чогултам десем да мени колдойт деп ойлойм.

Маектешкен Айгүл Бакеева

«ПолитКлиника», 2016-жыл, сентябрь

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты