​“Трансгендер болууну Кудайдан тилеп алган эмесмин. Бул — тагдырдын тайгүлүк ташы”

8-март күнкү Бишкекте өткөн аялдардын укугун коргоо боюнча жөө жүрүшкө сексуалдык азчылыктын кошулуп кетиши катуу сын-пикирди жаратты. Кыргызстандын социалдык тармактарында жөө жүрүштү колдогондор менен ага каршы чыккандардын ортосунда талаш-тартыш орун алып жатат.

Биз ошол жөө жүрүшкө кошулуп чыккан трансгендер Эрк Кайрат менен маектештик.

Психотерапевттердин маалыматы боюнча, трансгендер деген – бул адам төрөлгөндө таанылган жынысы менен өзүн-өзү идентификациялоо сезимдеринин карама-каршылыгы. Жана алар дүйнө калкынын эки пайызын түзөт.

Каарманыбыз Эрк Кайрат трансгендер болууну Кудайдан тилеп албаганын, бул тагдырдын сыноосу менен ар бир адамдын башына келип калышы мүмкүн экенин баяндап отурду.

Бул нерсени сыноо катары кабыл алгандан кийин ал өзү сыяктуу трансгендерлерге жардам берип, алардын укуктары үчүн күрөшүүнү чечкен.

Эрк Кайрат 20 жашта. Ал транс-эркек. Публицист, жазуучу, журналист Олжобай Шакирдин баласы.


​“Трансгендер болууну Кудайдан тилеп алган эмесмин. Бул - тагдырдын тайгүлүк ташы”

«4-5 жашымда сезиле баштады»

— Менин өзүмө кичинекей кезимде эле, 4-5 жашымда сезиле баштады. Дене мүчөм кыз болуп төрөлсөм дагы, кыздар менен ойнобойм, балдар менен эле көчөдө футбол, машине ойноп жүрчүмүн. Кыздар анан таң калышчу, “Кел, биз менен куурчак ойно, тамак жасайбыз” деп чакыра беришчу. Мен “Жок” деп качып кетчүмүн. Ичимден өзүмдү эркек бала сезчүмүн.

Эң оор мезгил мектепте окуп жүргөндө болду. Анткени, кыздарга юбка киймей, балдарга шым да. Менин таптакыр юбка кийгим келчү эмес. Анан кыздар мугалимдерге арызданып башташты, “Бул биз менен ойнобойт таптакыр, классташ балдарыбыз менен эле жүрөт” деп. Кичинекей класстарда окуп жүргөндө айла жок, юбка кийип, бантик тагынып жүрдүм. Бирок, кийгим келбей эле, жүдөй берчүмүн. Кийин бир аз чоңойуп калганда “Жок” деп кийбей койдум.

Чоңойгон сайын өзүмө-өзүм ээ болуп, өзүмдүн укгумду сездим. Апам дагы “Кийгиң келбегенден кийин эмне кыла алам” деп кыйнабай калды. Кээде классика шым кийип барсам мугалимдер, “Бар юбка кийип кел” деп үйгө жөнөтүшчү. Мен болсо үйгө барган бойдон кайра келчү эмесмин.

“Дүйнө жүзү боюнча ушундай жалгызмын го” деп ойлогом

— Мен бул акыбалымды Кудайдан тилеп алган жокмун. Өзүм каалап да чечкен жокмун. Башка адамдарга окшобой, башкача экениме ичимден абдан капа болуп жүрдүм. «Мен оорулуу болсом керек» деп ойлочумун. Бул абалымды эч кимге айта алган жокмун. Апама айткым келчү, айтам деп даярданып жүргөн учурда ал рак илдетине кабылып калганын билип калып, айтпай калдым. Он төрт жашымда апам каза болуп калды.

Чоңойгон сайын сезимдерим күчөдү окшойт, чачымды кырктыргым келе баштады. Мектептен дагы чыгып кеттим. Ошондон кийин “эч ким, эч нерсе дебейт, мени көрбөйт классташтарым, шылдыңдабайт ” деп ойлодум. Чет өлкөгө кетип калсам, балким бул нерседен кутуламбы деп ойлодум. Түркияга барып жүрдүм, бирок баары бир болгон жок. Көп жолу өзүмдү өлтүргөнгө аракет кылдым…

Трансгендерлер тууралуу 18 жашымдан кийин билдим. Ага чейин ким экенимди билчүмүн, бирок ал терминди таба албай жүргөм.

“Эмнеге мындай жаралып калдым?” деген суроолор болчу. Көрсө мендейлер дүйнө жүзү боюнча эле бар экен.

«Атам түшүнүү менен кабыл алды»

Ошентип кыйналып, дүйнөгө батпай жүргөндө, атама айтууну чечтим. “Түшүнсө түшүнөт, болбосо үйдөн кууп чыкса өз алдымча жашап кетем” деп ойлодум.

Бирок, атам бекем экен. “Эл эмне десе ошо десин. Сен менин баламсын” деп түшүнүү менен кабыл алды. Ал дагы убактысы менен болду. Башында атама аябай катуу тийди. Мен жөнүндө билгенден кийин, үйдө кантип кыйналып жүргөнүн көрдүм.

«Башка шаардан бакыт издеп»

Күндөрдүн биринде бир досума жолуктум.

Ошол досум уюмдар жөнүндө маалымат берди. Ал уюмдарга кайрылганда баарын айтып, түшүндүрүп беришти. Ошондо гана трансгендер адам ким экенин түшүндүм. Мен дагы ошолордун катарында экенимди түшүндүм.

Психикалык ден-соолук боюнча республикалык борбор бар, ошол жактан комиссиядан өттүм. Комиссия баарына маалымкат бере бербейт. Анан гормоналдык терапияны баштап, документтеримди алмаштырууну баштадым.

Ошол досума жолугуп калганыма аябай кубандым. Анткени, жашоомдо дагы бир адам пайда болду мени түшүнгөн. Ал дагы трансгендер адам. Менин социалдык тармактан жазгандарымдан мени таап алыптыр. Ошол досумдун жардамы менен мен азыр жашап жүрөм.

Азыр трансгендердик өтүүнүн биринчи этабында, тагыраак айтканда, гормоналдык терапиядан өтүп жатам.

Анда үн өзгөрөт, дене түзүлүшүм эркектикиндей болуп өзгөрөт, менструация деген нерсе токтойт. Транс эркектер менструация учурунда аябай кыйналышат. Бизге аябай оор тиет ошол нерсе. Андан сырткары мен азыр документтерди алмаштырып жатам, бул дагы оңой процесс эмес. Адамдар мени башкача көзү менен карайт, түшүнүшпөйт. Үч айда араң туулгандыгым тууралуу күбөлүктү алмаштырдым. Эми паспортумду, аттестатты алмаштырып баштайм.

Атайын уюмдарда чогулуп, ушундай балдарын кабыл алган ата­-энелер башка балдардын ата-энелерине түшүндүрүшөт. Ага деле убакыт керек. Аларга деле аябай оор болот.

Эң негизи биздей адамдар бар экенин билишти, биз эч нерсе кыла албасыбызды түшүнүштү.

Мен деле кыздардай болуп жүрүүгө аракет кылып көрдүм. Кашымды терип, кирпигимди боеп көрдүм. Бирок, ички сезимге физикалык жактан тоскоолдук кыла албайт экенсиң. Бул эркекке боен деп косметиканы берип койгондой эле.

«Шантажга кабылдым»

Мектепте окуп жүргөндө шантажга кабылдым. Өзүмдүн классташ кызымды жактырарымды бирөө билип калды. “Акча бер, бул жакка кел, тиякка кел” деп коркутуп жүрдү. Болбосо “Атаңа айтам, бүт мектепке жаям” деп жүрдү.

Акча алып барбай же айткан жерине барбай калсам, “Кыздар, балдар менен сабап кетем” деген учурлары деле болду. Коркуп эч нерсе дей албайсын, анан бүт чогулткан, болгон акчамды алып жанталашып барчумун. Аябай жаман болосуң же милицияга кайрыла албайсың, эч кимге айта албайсың.

Туугандарым жөнүндө айткандан уялат окшойм мен. Кандай болбосун, мен адаммын, эч кимди зордуктап, бирөөнүн бир нерсесин уурдап, бирөөнү өлтүрүп жүргөн жокмун. Мен жөнөкөй эле адаммын, эч кимге зыянымды тийгизбей эле өзүмдүн жашоом менен жашап жүрөм.

«Өзүмө окшогондордун укугун коргогум келет»

— Мен учурда активист болуп, өзүмө окшогон трансгендерлерди таап, аларга жардам берип жатам. Документтерди кантип алмаштырса болот, кандай хирургиялык операцияларды жасаш керек? Ушулар боюнча жардам берген уюмдар бар. Мен азыр ошол уюмдардын биринде иштеп жатам.

Учурдагы максатым бизге окшогондорго жардам берүү, анан албетте, үйлөнүп , бала-чакалуу болсом дейм. Өзүм балалуу боло албасам дагы, балдар үйүнөн бала багып алып, ата-эне мээриминен ажыраган балдарга мээрим тартуулагым келет.

Бизди жаратылыш ушундай кылып жаратса, анан биз эч нерсени өзгөртө албай турганыбызды эл түшүнсө дейм. Өзүбүзгө өзүбүз каршы чыгып деле көрдүк. Болгон жок.

“Ата, мен кыз эмесмин” дегенде жүрөгүм шуу деди»


​“Трансгендер болууну Кудайдан тилеп алган эмесмин. Бул - тагдырдын тайгүлүк ташы”

Жазуучу Олжобай Шакир «Азаттыкка» берген маегинде келинчеги каза болгондон кийин, Эрк Кайраттын чүнчүп, мүнөзү өзгөрүп кеткенин энесин жоготуудан калган жараат катары түшүнгөнүн айткан:

“Келинчегим каза болгондон кийин муну жарат катары эле түшүндүм. Аябай чүнчүп, мүнөзү кескин өзгөрдү. Анан жылдар өтө берди, экөөбүздүн мамилебиз бузулуп кетти. Түн ичинде үйгө кечигип келе баштады.

Анан “Сен кыз баласың, эмнеге түн ичинде келесиң?” деп кыз баланы тилдегендей эле тилдедим. “Ата, мен кыз эмесмин” дегенде жүрөгүм шуу деди. “Эмнеге кыз эмессиң? Бирөө зордуктап койдубу?” десем “Жок, мен жарым өлүкмүн” дейт, “Эмне деп жатасың?” десем, “Эгерде менин жообумду алгыңыз келсе, эртең менен чогуу психотерапевтке барыңыз” деди.

Көрсө, буга чейин психотерапевтке барып жүргөн экен. Анан психотерапевт менен маңдай-тескей отуруп сүйлөшкөндө, баарын айтып, түшүндүрүп берди. Төбөмө союл менен жегендей эле болдум. Көрсө менин эле балам эмес, бул жалпы адамзаттын көйгөйү экенин түшүндүм. А муну түшүнбөгөн эл, “Эркек эркекке үйлөнөт, кыз кызга турмушка чыгат эмне деген шумдук” деп ойлонот экен.

Ким эле ошол кайгы-муңга чөгүп, азаптын баарын тарткысы келсин. Балам же мен ушуну каалап, ушуга бардык дейсиңерби. Булардын укуктарын коргогон киши, коомдо терс кабыл алынат. Мен дагы баламдын чөйрөсүнө катышып жүрөм. Иш-чарасына барсам, мөлтүрөгөн жаштар отурат.

Ата-энеси зордуктатып салган

Алар менен маектешип отурсаң, кээ бирлеринин колунда соо жери калбаган.Өзүнүн жанын кыйгысы келгендер. Анан бир кыздын окуясын айтып отурушту. Ал транс эркек экен. Ата-энесине эркекмин десе, урушуп жүрүп, ата-энеси атайын эле бирөөгө зордуктатып коюшуптур. Анан ал кыздын боюна бүтүп калганда, асынып өлүптүр. Адамдын табияты табышмак да. Бул жубайынан же жолдошунан көрө турган нерсе эмес” дейт Олжобай Шакир.

Бул оору эмес


​“Трансгендер болууну Кудайдан тилеп алган эмесмин. Бул - тагдырдын тайгүлүк ташы”

Психологиялык ден-соолук боюнча республикалык борбордун психотерапевти Уулкан Итибаева, бул оору эмес экенин жана Батыштын терс таасири эмес экенин айтып берди:

“Трансгендерлердин гендердик идентификациясы төрөлгөндө каттоого турган жынысынан айырмаланып турат. Башкача айтканда, эгерде төрөлгөндө кыз болуп каттоого алынган болсо, кийин өзүн эркек сезиши мүмкүн. Гендердик өзүн-өзү көрсөтүү бала кезинен эле башталат. Адабиятта 2-3 жашында эле көрсөтүлө башатаганы айтылат.

Балдар карама-каршы жыныстын кийимдерин кийип, оюнчуктарын ойной башташат. Бирок, бул жөн гана оюндар. Баары эле андан ары трансгендер болот дегенди түшүндүрбөйт. Адабияттагы маалыматтарга ылайык, 12-27 пайызы гана андан ары дагы өзүн трансгендер катары алып кетет.

Бала өспүрүм куракка жеткенде “гендердик дисфорияга” туш болот. Гендердик дисфория-адам өзүнүн жынысын, келбетин, керек болсо атын жаман көргөн учур. Өзүнүн жынысы менен жашагысы келбейт. Бизге кайрылганда консультация берип, “гендердик дисфориянын” канчалык билинип турганын аныктайбыз.

Бул оору эмес, акыл-эстен тангандык эмес, кээ бирлери айтып жүргөндөй Батыштын терс таасиринен эмес. Болгону ушундай жаралып калышкан. Илгертен эле ушундай кишилер болуп келген”,- дейт психотерапевт.

Жаныстын 16 түрү бар

Саламаттыкты сактоо министринин кеңешчиси Бермет Барыктабасованын айтымында, коом көнүп калган эркек менен аялдан сырткары гендин башка дагы формалары бар:


​“Трансгендер болууну Кудайдан тилеп алган эмесмин. Бул - тагдырдын тайгүлүк ташы”

“Бул жөнүндө билбеген адамдар, жаратылышта эки эле ген бар дер ойлошот. Аялдар жана эркектер. Болгону, алар жөнүндө маалымат көп. Башкалар жөнүндө дээрлик айтылбайт. Бирок, адамдар жаратылышта жыныстын көптөгөн формалары бар экенин түшүнө беришпейт.

Негизинен 16 га жакын формасы бар.

Мисалы, Индияда бул каттоого алынган. Ал жакта трансгендерлерге аябай аяр мамиле кылышат. Индиянын чек арасынан өтүп жатканда анкетада эркек, аял жана үчүнчү графа бар, башка жыныс үчүн деген.

Кыргызстанда деле тарнсгендерлердин толук кандуу жашап кетүүсү толук мүмкүн. Аны ишке ашыруу оңой эмес. Дарыгерге кайрылгандан кийин, гормондорду ичип, операцияларды жасап, документтерин өзгөртүп жашап кетип жатышат. Биз дарыгерлер адамдын организми ар кандай болушу мүмкүн экенин билебиз. Тубаса оорулардын түрү бар, айына жетпей төрөлгөндөр бар, даун синдрому бар, альбиностор бар. Трансгендерлер деле ошолор сыяктуу эле адамдар.

Адамдардын, саясатчылардын, ЖМКнын алар жөнүндө маалыматы болбогону үчүн эле аларды куугунтукка алып, уруп-согуп, өлтүрүү керекпи? Ошондой мамиле кылууга болмок беле? Алар биз сыяктуу эле адамдар. Биз сыяктуу эле укуктарга ээ. Алар үйлөнүп, үйбүлөлүү болушат. Мен бир нече ошондой түгөйлөрдү билем. Ошондой эле, чоң ата-энелер бар. Эгерде аларды жайына койсок, тынч эле өзүнүн жашоосу менен жашай беришет. Анткени, бул кээ бирлери ойлогондой жугуштуу оору эмес”,- дейт Бермет Барыктабасова.

Ырысбү Кылычбек кызы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты