ЭлТРдин «ПолитКлиникага» каршы доо арызын сотто кароо 20-сентябрда улантылат

  • 8 месяцев мурун

ЭлТР телеканалынын «ПолитКлиника» медиасына каршы доо арызын кароо Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда кароо 20-сентябрда улантылат.

Бүгүн, 11-сентябрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда ЭлТР телеканалынын “ПолитКлиника” медиасына каршы доосу боюнча сот отуруму өттү.

Отурумда каржы министрлигинин, энергетика министрлигинин өкүлдөрү күбө катары суралды.

«ПолитКлиника» медиасынын адвокаты Нурбек Сыдыков күбө катары суралып жаткан энергетика министрлигинин өкүлүнө даярданып келүүгө үмкүнчүлүк берүү өтүнүчүн келтирди. Анын жүйөсү эске алынып, отурум 20-сентябрга жылдырды.

4-февралда “ПолитКлиника” медиасы ЭлТРдин “Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес” дегени калп” деген тема менен материал жарыялаган. Анда “ПолитКлиника” ЭлТРдин 31-январда жарыкка чыккан “Кайсы президент энергетикага көп карыз алган?” аттуу сюжетин анализдеп, андагы маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирген.

Бул материал жарыяланган соң ЭлТР “ПолитКлиниканы” жалган маалымат таратууга айыптап, телеканалдын жана анын кызматкерлеринин кадыр-баркына доо кетиргенин айтып чыккан. 

20-февралда ЭлТР аталган материал боюнча Бишкектин Свердлов райондук сотуна арыз менен кайрылганы белгилүү болгон. Андан кийин Биринчи май райондук сотуна да кайрылып, арызы кабыл алынган эмес. ЭлТР арызында “ПолитКлиника” бул материалда компаниянын жана анын кызматкерлеринин аброюна шек келтирген” деп билдирген.

Компания “ПолитКлиникадан” аталган материалды интернет желесинен алып салууну жана анда айтылган маалыматтарды төгүндөөнү талап кылууда. Моралдык зыян катары ЭлТР соттон “ПолитКлиника” редакциясынан 7 миллион сом, журналист Тыныстан Асыпбектен 3 миллион сом, жалпы 10 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

“ПолитКлиника” медиасы материал үчүн кечирим сурабай турганын, ЭлТРдин айыптоолоруна сотто жооп берип, өз чындыгын далилдөөгө даяр экенин билдирген.

Ал эми буга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “ЭлТР” телеканалынын “ПолитКлиника” медиасынын сайтын бөгөттөө өтүнүчү менен жазган арызын четке какканМаалыматка ылайык, министрлик арыз жазууга себеп болгон материалда маалыматтар ишенимдүү ачык булактарданалынгандыктан ЭлТРдин арызын артка кайтарган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты