​ИИМ: Жеке маалыматтарды коомчулукка чыгаргандар жазаланды

  • 4 года мурун

Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы тарабынан жол кыймылы коопсуздугун козөлдөө башкы башкармалыгынын мониторинг борборунда видеокамерада тартылып калган «Мерседес» унаасынын ичиндегилер жана анын социалдык түйүндөргө жарыяланып кетиши боюнча маселе иликтенди.

Кызматтык талапты бузуп, жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын мониторинг борборунун видеокамераларында тартылып калган жеке маалыматтарды коомчулукка чыгарып жиберген кызматкерлер, операторлор А.А. жана К. К. кызматтан алынды.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын жооптуу төрт кызматкери жазага тартылды.

Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси, кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча кылмыш жана жоруктар реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Айта кетсек, коомчулукка жолдогу видеокамерада жүруш-турушту жаман жагынан көрсөткөн жеке маалыматтар чыгып кеткен. Андагы сүрөттөгү киши каттоо кызматынын башчысы Алмаз Мамбетовго окшоштурулган.

Мамбетов кадыр-баркына, жүрүш-турушуна шек келтиргендерди сотко берээрин билдирген.

Иллюстрациялык сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты