Журналисттик иликтөөдө айтылган коррупциялык схема боюнча Президенттин басма сөз катчысы комментарий берди

«Азаттык» жана «Клооп» медиаресурстарынын журналисттик иликтөөсүнүн айланасында ММК комментарий сурап кайрылгандыгына байланыштуу Президенттин басма сөз катчысы — маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева төмөнкүдөй билдирүү таратты.

Жээнбеков Хабиб Абдукадыр менен кантип таанышкан?

— Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун губернатору болуп иштеп турган 2012-жылы Ош шаарында инвесторлорду тартуу максатында «Кичи жана орто бизнести өнүктүрүү» деген инвестициялык форум болгон.

Ага 300дөн ашык адам катышкан. Эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнөн тышкары Россия, Кытай, Иран, Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, Түштүк Кореядан расмий өкүлдөр жана ири ишкерлер келишкен.

Ош областы экономикалык, гуманитардык кызматташуусун тереңдетүү максатында жакынкы өлкөлөрдүн облустары менен байланыштарды чындаган. Алардын катарында КЭР Кызыл-Суу Кыргыз автономдук областы менен достук мамиле түзгөн.

Жогоруда аталган 2012-жылы өткөн инвестициялык форумга Кызыл-Суу Кыргыз автономдук облусунун губернатору Фархат Турду менен чогуу Х. Абдукадырдын иниси келген, ошондо таанышкан.

Форумдан кийин С. Жээнбеков ал экөө менен чогуу ошол кездеги өлкөнүн Президенти А. Атамбаевдин кабыл алуусунда болушкан. Кийин, 2017-жылы иниси аркылуу А.Атамбаев жана С. Жээнбековдун Х.Абдукадыр менен жалпы таанышуусу болгон.

Андан кийин алардын А.Атамбаев менен мамилеси кандай өнүктү, бул тууралуу Жээнбековго белгилүү эмес.

«Журналисттик иликтөөдө айтылган иштер Атамбаевдин Президент маалында болгон»

-Журналисттик иликтөөдө «бул иштердин активдүүлүгү 2012-2016-жылдарга тиешелүү» деп белгиленген, тактап айтканда бул А.Атамбаевдин президент болуп турган маалы.

Коомчулукка белгилүү болгондой, 2018-жылдын 8-февралындагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков укук коргоо органдарынын ишин ачык сынга алган.

Иш жүзүндө, жалпысынан системаны жана иликтөөдө келтирилген схемаларды жаңы мамлекет башчы кабыл алган эмес.

Анын жыйынтыктары белгилүү — бүгүнкү күндө А.Атамбаев ага коюлган 5 айып боюнча тергөөдө.

«Сооронбай Жээнбековдун Абдукадыр менен чогуу бизнеси жок»

-Ар кандай күчтөр Президент Сооронбай Жээнбековду бул журналисттик иликтөөдө айтылган чөйрө менен байланыштырууга аракет кылат деген пикирдебиз.

Ошондуктан, Президент Сооронбай Жээнбековдун Х.Абдукадыр менен чогуу бизнес-долбоорлору болгон эмес жана жок экендигин расмий билдиребиз.

Андай байланыштары болсо, иликтөөнүн авторлору буларды тастыктаган өз жүйөөлөрүн сөзсүз келтирмек.

«Инаугурацияда Жээнбековго чектелүү орун берилген. Ал туугандарын гана чакырган»

Материалда маанилүү аргумент катары Х.Абдукадырдын С. Жээнбековдун инаугурациясынан тартылып алынган сүрөтү келтирилип жатат. Мында элдин эмоциялык кабыл алуусуна таасир этүү аракети көбүрөөк. Бирок, бул эмоционалдык штрих дагы негизсиз.

Анткени, өлкөнүн шайланган Президенти С. Жээнбековдун инаугурациясын уюштуруу иштери, анын ичинде чакырылгандардын тизмесин түзүү жана отургузуп, жайгаштыруу маселелерин толугу менен Президенттин, тактап айтканда А.Атамбаевдин аппараты тескеген.

С.Жээнбековго бөлүнүп берилген орундар чектелүү болгондуктан, ал туугандарын гана чакырган.

Белгилүү болгондой, Президент С. Жээнбеков журналисттик иликтөөлөр коомчулукка, укук коргоо органдарына жана Президентке өлкөнү өнүктүрүүгө тоскоол болгон башкы көйгөй — коррупция менен күрөшүүгө жардам берерин ар дайым белгилейт.

«Материалда келтирилген жагдайларга көнул бурулат»

-Ошондуктан материалда келтирилген жагдайларга көңүл бурулат.

Албетте, укук коргоо органдар материалда айтылган жүйөөлөрдү эске алат.

Буга чейин Башкы прокуратура Түркиянын Башкы прокуратурасына А. Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча ишти иликтөөдө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган.

Саймаитинин ысмы Кыргызстан менен байланышып жаткандыктан, анын Кыргыз Республикасынын жараны эмес экендигине карабастан, кыргыз тарап анын өлтүрүлүшүн иликтөө иштерине катышат, -деди билдирүүдө Толгонай Стамалиева.

«Азаттык» радиосу, «Клооп» порталы жана Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө борбору ( (OCCRP) Кыргызстандагы шектүү акчаны адалдоо схемасы кантип иштеп келгенин, бажы тармагында айланган миллиондор, Райым Матраимов жана Түркияда өлтүрүлгөн Саймаитинин таржымалы тууралуу биргелешкен иликтөө жарыялады.

Айеркен Саймаити ушул жылдын 10-ноябрында кечке маал Стамбул шаарынын Фатих аймагындагы мейманканалардын биринде атып өлтүрүлгөн.

Сүрөттө: Түркияда өлтүрүлгөн Саймаити жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов. Коллаж сүрөт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты