ТИМ: Орусияда кармалган кыргызстандыкты Украинага жиберүүгө мажбурлады деген маалымат тастыкталган жок

  • 3 недели мурун

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан кармалган жана Украинадагы согушка барууга мажбурланып жатат деген кыргызстандык боюнча билдирүү таратты.  

Бул тууралуу ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта мындай деп айтылат:  

«Орусиянын компетенттүү органдары тарабынан 2-апрелде Орусиянын кылмыш кодексинин 3- беренесинин 3 бөлүгү, 228-берененин 4-бөлүгүнүн “г” пункту менен  шектелип (баңгизатты жана анын түрлөрүн же курамында баңгизат каражаты бар заттарды же психотроптук заттарды же анын бөлүкчөлөрүн  мыйзамсыз өндүрүү, сатуу же жөнөтүү) Н.Т.нын бөгөт чарасы аны камакка алуу болгон.  

Кыргызстандык жаранды Украинадагы атайын операцияга мажбурлады деген маалымат тастыкталган жок. Азыркы учурда элчилик тарабынан мекендешке консулдук-укуктук тиешелүү жардамдарды берилүүдө” деп айтылат маалыматта.

Социалдык тармактарда Орусияда кыргызстандык жаранды Украинадагы согушка жиберүүгө мажбурлап жаткандыгы тууралуу маалыматтар тараган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты