Жол катнаштарын жакшыртуу долбоору боюнча мыйзам ратификацияланды

  • 4 года мурун

2019-жылдын 3-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы „Борбордук Азиядагы региондук жол катнаштарын жакшыртуу боюнча программанын үчүнчү фазасы (БА РЖКЖП-3)“ долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн 55 млн АКШ доллары өлчөмүндө финансы каражаттары сарпталат.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 31-октябрында кабыл алынган.

Аталган долбоор боюнча Түп — «Каркыра» көзөмөл өткөрмө пункту жолунун тилкесин, «Каркыра» капчыгайындагы туристтик лагерге алып баруучу жолду реабилитациялоону, жол-эксплуатациялоо жабдууларын сатып алууну, транспорт жана жол министрлигинин алдындагы жарандык авиация агенттигинин учуулардын коопсуздугун көзөмөлдөө, И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун дараметин чыңдоону камтыйт.

Ошондой эле беш туристтик сервис-борборду куруу жана Ысык-Көл облусунун Түп жана Ак-Суу райондорунда коомдук деңгээлдеги геопарктарды түзүү жана өнүктүрүү үчүн колдоо көрсөтүү боюнча компонент каралган.

Макулдашууга ылайык, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (Бүткүл дүйнөлүк банк) Кыргыз Республикасына суммасы 27,5 млн АКШ доллары болгон насыя (каржылоонун шарттары: насыя 38 жылдык мөөнөткө берилет, жеңилдик мезгили — 6 жыл, жылдык үстөгү — 0,75 пайыз), ошондой эле суммасы 27,5 млн АКШ долларына барабар грант берүү аркылуу колдоо көрсөтүлөт. Бул долбоор боюнча өкмөттүн кошо каржылоосу каралган эмес.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты