Акылбек Жапаров мэриянын карамагындагы бардык объектилерди инвентаризациялоону тапшырды

  • 3 недели мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы бир катар көчөлөрдү кеңейтүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, МинКаб төрагасына А.Бакаев көчөсүн Л.Толстой көчөсүнөн Ж.Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки, ошондой эле Ю.Фучик көчөсүн Л.Толстой көчөсүнөн Товарный көчөсүнө чейинки аралык боюнча долбоор көрсөтүлдү.

Акылбек Жапаров көчөлөрдү долбоорлоодо борбор калаанын аймагынын соңку кездери кеңейип баратканын жана жыл сайын автоунаалардын көбөйүшүн эске алуу керектигин белгиледи.

Мындан тышкары, МинКаб төрагасы мэриянын карамагындагы бардык объектилерди инвентаризациялоону тапшырды.

Сүрөт: МинКаб басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты