​Облус жана район сотторун дайындоо жарлыгы чыкты

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү соттордун судьяларын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө жарлыктарга кол койду.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президенттин наамына сотторду тандоо боюнча кеңеши тарабынан Жогорку талапкерлер боюнча сунуштар келип түшкөн.

Президент жергиликтүү сотторго 9 талапкер боюнча аталган кеңештин сунушуна макул болду. Биринчи жарлык менен жергиликтүү сотторунун судьялары болуп 9 талапкер дайындалды.

Экинчи жарлык менен судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн:

— Нарын облустук соту;

Гүлсүн Арзыкулова;

— Талас облустук соту:

Бакыт Ибраимов;

Марсел Кенжеев;

— Чүй облусунун Кемин райондук соту

Сатарбек уулу Мирбек;

— Ош облусунун Алай райондук соту

Алайбек Кожомкулов;

— Ош облусунун Араван райондук соту

Тилек Бакалбаев;

— Ош облусунун Кара-Кулжа райондук соту

Канатбек Базарбаев;

— Ош облусунун Ноокат райондук соту

Азамат Абдираев;

— Ош облусунун Чоң-Алай райондук соту

Эрмек Раимкулов жиберилишти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты