Кытайда жер титиресе, Кыргызстанда да сезилди
- 5 лет мурун
Сейсмология институтунун алдын-ала маалыматына ылайык, саат 11:29да Кытайда очогунда күчү 6 баллга жаткын жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедель айылында 3-4 баллга чейин, Ыштык айылында 3 баллга чейин, Ак-Шыйрак айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма соз кызматы билдирди.
Бүгүн, 28-октябрда, саат 01:56 да (жергиликтүу убакыт) Кытайдын түндүк-батышында Сяхэ уездинде 5,7 магнитудасында жер титирегенин Xinhua агенттиги билдирди.
Жер титирөө ошондой эле Кытайдын Тяньшуй жана Ланьчжоу шаарларында да сезилген. Буга чейин Синьцзян-уйгур автоном районунун Инин (Кулжа) шаарында да 4,1 магнитудасында болгон.