​Конституциялык палата Атамбаевдин экс-президенттигин алуу Баш мыйзамга каршы келбейт деп тапты

  • 5 лет мурун

Жогорку соттун Конституциялык палатасы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-президенттик статусун алуунун мыйзамдуулугу боюнча маселени карап, адвокаттардын өтүнүчүн канааттандырган жок.

Конституциялык палатанын сот коллегиясы 2019-жылдын 15-майындагы «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамдын ченемдерин Баш мыйзамга каршы келбейт деп тапты.

Ошондой эле экс-президентти саясий ишмердик менен алектенүүгө тыюу салуу да Конституцияга каршы келбейт деп тапты.

Конституциялык палата «учурдагы президент экс-президенттен кепилдикти алат» деген эреже Баш мыйзамга дал келбесин билдирди.

Конституциялык палатанын чечимин комментрийлеп, адвокат Нурбек Касымбеков мындайча билдирди:

«Мыйзамды артка кетүү күчүнө ээ кылышты. Бирок Конституциялык палатанын чечими даттанууга жатпайт. Мындан ары бул маселеге кайрылбайбыз» деди ал.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаттары Атамбаевдин экс-президенттиктен ажыратылышы Конституцияга каршы келет деп Жогорку соттун конституциялык палатасына кайрылышкан.

Жогорку Кеңеш 27-июнда Атамбаевдин экс-президенттик укуктан ажыраткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты