Атамбаев: «14 жылда көп нерсе өзгөрдү. Бирок элдин акыйкат менен эркиндикти өз өмүрүнөн ыйык тутканы өзгөргөн жок»

  • 3 недели мурун

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Фейсбук баракчасы аркылуу 7-апрель элдик революцияга байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жарыялады.

“14 жылдын ичинде көп нерсе өзгөрдү. Бирок, кыргыз элинин акыйкат менен эркиндикти өз өмүрүнөн ыйык тутканы өзгөргөн жок. Муну унуткандар ар дайым катуу өкүнчү. Азыркы бийлик аны жакшы билет жана унутпайт деген үмүтүм бар. Конституцияда бекитилген укуктарды да ар бир жаран үчүн иш жүзүнө ашырууга бийликтин толук мүмкүнчүлүктөрү бар.

Урматтуу мекендештер!

Акыйкат, Эркиндик, Коркпостук жана Үмүт символу болуп калган ушул 7 апрель күнү баарыңыздарга чың ден соолук, узун өмүр, жакшылык жана ийгилик каалайм! Жараткан элибизге ынтымак, жерибизге берекет берсин!» деди Алмазбек Атамбаев.

2010-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы демонстрациялар 7-апрелде аяктап, ал бийликтен кулатылган. Нааразы болуп чыккандарга ок атылып, 87 киши набыт болуп, миңден ашуун адам жаракат алган. Курманбек Бакиев үй-бүлөсү, жакындары менен чет мамлекетке качып, Беларустан башпаанек тапкан.

2010-жылдагы кандуу Апрель окуясы боюнча баш-аягы 30га жакын кишиге кылмыш иши козголгон. Анын ичинен далилдер жетишсиз деген негизде мамлекеттик күзөт кызматынын 14 кызматкери акталган.

Мурдагы президент Курманбек Бакиев 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүр бою эркинен ажыратылган. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сырттан 30 жылга соттолгон. 

Сүрөттө: Алмазбек Атамбаев. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты