​Ноокатта Ак-Булак айылында мектеп ачылды

Жаңылыктар

Ош облусунун Ноокат районунун Ак-Булак айылындагы С.Токторов атындагы орто мектеп ачылды. Анын курулушу 2015-жылы башталган. Мектеп 320 окуучуга эсептелген.

Мектептин ачылыш салтанатына барган премьер-министр Абылгазиев белгилегендей, эгерде 2012-жылы билим берүүгө 21 млрд сом бөлүнгөн болсо, акыркы 3 жылдын ичинде бул сумма 30 млрд сомго чейин көтөрүлгөн.

«Быйылкы жылы эле 111 мектепте курулуш иштери жүргүзүлүүдө», - деди.

Өкмөт башчы окуу жайга компьютердик жабдуу тапшырды.

ЖаңылыктарКыргызстанОшНоокатмектепачылыш