​Баш прокуратура: «Кой-Таш окуясы боюнча кайрылууну кароодо тергөөчүлөр мыйзам бузган жок»

  • 5 лет мурун

Баш прокуратура 7-8-августтагы Кой-Таштагы окуя боюнча кайрылуу жасагандарды суракка алууда мыйзам бузууларга жол берилип жаткандыгы тууралуу социалдык түйүндөрдөгү айыптоолорго жооп берди.

Башкы көзөмөл органынын айтымында, аскер прокуратурасы Кой-Таш айылынын тургундарынын кайрылуусу боюнча ишти карап жатканын жана кайрылууга кол койгондорду суракка алуу мыйзамдуу шарт экенин белгилейт.

Кайрылууга кол койгондордун көпчүлүгү Кой-Таш айылында жашагандыктан тергөө ишин тезирээк жана объективдүү иликтөө үчүн алар жашаган жерге барууга да туура келгенин билдирди.

«Өз кезегинде аскер прокуратурасынын тергөө тобу арыз ээлери келтирген дооматтарга тез жана толук иликтөө чараларын көрүп, ал жагдайларды карап чыгат. Эгер андай дооматтар орун алган болсо, аларды жоопко тартуу керек» деди.

Ал эми айрым тургундар жаш курагына, оорусуна ж.б. себептер менен келе албай жаткандыктан, 20-сентябрда көпчүлүк арыз ээлери жашаган айылга тергөөчүлөр өздөрү баргандыгы Кылмыш-жаза кодексинин 134-беренеси боюнча мыйзамга туура келээрин билдирди.

Буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча кайрылууга кол койгондорду суракка алып, көпкө кармап, кыйнап жаткандыгы тууралуу жазган.

7-8- августтагы Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш ишин козгоо боюнча баш прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылуу жолдонгон. Ага 1700 киши кол койгон.

Кайрылуу ээлери Кой-Таштагы 7-8-авугсттагы окуя боюнча УКМК башчысы Орозбек Опумбаевге, “Альфа” түзүмүнүн башчысы жана ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиевге кылмыш иши козгоону, операцияны жеке өзү жетектеген Президент Сооронбай Жээнбековго чара көрүүнү жана мамлекеттик кылмыш жасагандыгы үчүн жоопко тартууну талап кылышты.

7-августта Кой-Ташта күч структуралары тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо аракети боюнча атайын операция жүргүзүлгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты