Облустук сот Ногойбаеванын мурдагы күйөөсү Эстебесовго чыгарылган 20 жыл жаза өтөө мөөнөтүн күчүндө калтырды  

  • 3 недели мурун

Бүгүн, 8-апрелде, Чүй облустук соту Азамат Эстебесовго чегерилген катуу тартиптеги абакта 20 жыл жаза өтөө чечимин күчүндө калтырды.

Прокуратуранын өтүнүчү канааттандырылып, Эстебесовду кылмыш-жаза кодексинин 139-беренесинин 1-бөлүгү («Өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу») боюнча бардык эпизоддо күнөөлүү деп таап, жалпы салынган айыпты 120 миң сом деп аныктады.

26-январда Сокулук райондук соту Азамат Эстебесовду 20 жылга кесип, 80 миң сом айып салуу менен жабырлануучуга 2 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

Эстебесов кылмыш-жаза кодексинин 139-беренесинин 1-бөлүгү («Өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу» — бир нече жолу ушул эле берененин негизинде кылмышы кайталанганы үчүн), 194-берененин 2-бөлүгү («Турак жайдын кол тийбестигин бузуу» — күч колдонуу же аны колдоном деп коркутуу менен жасалган ошол эле жосун), 130-берененин 2- жана 3-бөлүгү, («Ден соолукка оор залал келтирүү» ), 137-берене («Кыйноолор»), 154-берененин 2-бөлүгү («Зордуктоо»), 122-берененин 2-бөлүгү («Адам өлтүрүү») менен күнөлүү деп табылган.

Сокулук райондук сотунун чечими менен Асел Ногойбаеванын кулак-мурдун кесип салган мурдагы күйөөсү 20 жылга эркинен ажыратылган. Мындан тышкары Ногойбаевага компенсация катары 2 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Былтыр 20-сентябрда Бишкектин четиндеги Селекция айылында 36 жаштагы Асел Ногойбаеваны мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен бычактап, келин оор абалда ооруканага түшкөн. Шектүү кармалып, факт боюнча кылмыш иши козголгон. Сокулук райондук соту шектүүнү эки айга камаган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты