Жогорку Кеңеште чек ара маселеси боюнча өкмөттүн маалыматы эртең каралат
- 5 лет мурун
Буга чейин бүгүн, 18-сентябрда, саат 14:00 дө парламент кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча өкмөттүн маалыматын укмак болушкан.
Төрага Дастан Жумабеков Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрү уланып жатканын, анын жыйынтыгы менен эртең маалымат угулса деген сунушун билдирген. Ошол себептен ал маселе эртеңки күнгө жылдырылды.
16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде атышуу болгон.
Кыргызстандагы тажик элчиси С. Олимзодага Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги 16-сентябрдагы чек арадагы окуя боюнча Тажикстанга нота тапшырды.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы «Кызыл-Бел» өткөрмө-көзөмөл пунктунда Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Тажикстан Республикасынын премьер-министри Кохир Расулзоданын жолугушуусу өтүп, маселени талкуулады.