Мусаевдин ордуна Бектен Сыдыгалиев ЖК депутаты болду

  • 5 лет мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңеш депутаты Насыр Мусаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганына байланыштуу депутаттык мандат Бектен Сыдыгалиевге берилди.

Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы кабарлады.

6-сентябрда БШК “Кыргызстан” саясий партиясынын тизмеси боюнча шайланган Жогорку Кеңеш депутаты Насыр Мусаевдин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алды.

Бош мандатты “Кыргызстан” саясий партиясынан шайланган Бектен Сыдыгалиевге берүү жөнүндө токтом кабыл алды.

Сыдыгалиевге депутаттык күбөлүк жана төш белги тапшырылды.

Сүрөт: БШК.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты