Раиса Атамбаева: «Мага да кылмыш иши козголгону жатат»

  • 5 лет мурун

Манас Арабаевдин иши боюнча Раиса Атамбаевага да кылмыш иши козголууда. Бул тууралуу Алмазбек Атамбаевдин жубайы УКМК имаратынын алдында журналисттерге билдирүү жасап жатып айтты.

Эскерте кетсек, ушул тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинде Бишкек шаардык сотунун көчмө жыйыны өтүп, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы каралып жатат.

Сот өтүп жаткан жерге мурунку президенттин жубайы Раиса Атамбаева, уулдары Сейит менен Кадыр Атамбаевдер, ЖК депутаты Ирина Карамушкина, кеңешчиси Кундуз Жолдубаева жана бир топ тарапташтары келишкен.

Атамбаеванын айтымында, ушу тапта Атамбаевге тиешелүү «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциядагы үйүнө мөөр басылып, ал жакка кирүүгө мүмкүн эмес. Мындан тышкары, 2002-жылы ачылган эсеби да камакка алынганы белгилүү болду.

«Бүгүн Манас Арабаевдин ишинин алкагында мага да кылмыш иши козголуп жатканын билдим. Алмазбек Шаршеновичтин үй-бүлөсүнө, тарапташтарына саясий куугунтук күчөп жатат. Кудаларыбыздын үйү тинтүүгө алынды. Кой-Таштагы үйдү да камакка алышат деген божомол бар. Эгер ошондой боло турган болсо, мен балдарым менен көчөдө калам. Мен эч качан саясатка аралашкан эмесмин», — деди Раиса Атамбаева.

Ошондой эле, ал үй-бүлөсү куугунтукталып жатканын билдирди:

“Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына, менин үй-бүлөмө, балдарыбызга, жакын туугандарыбызга карата куугунтук жүрүп жатат. Атамбаевдин улуу баласы Сейитбек Атамбаев катуу сабалды. Азыр аны күн сайын суракка чакырып жатышат. Анын буту гипстелген, балдакчан жүрөт. Атамбаевдин жакын тууганы, жээнине эки кылмыш иши ачылды. Биздин кудабыздын үйү тинтүүгө алынды. Он милиция кызматкери документтерин көрсөтпөй, негиз жок кирип барып, үйдү астын-үстүн кылды”, — деди Раиса Атамбаева.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев 8-август күнү эки күнгө созулган атайын операциядан кийин багынып берген. Биринчи Май райондук соту баш коргоо чарасын тандап, аны 26-августка чейин камакта калтырган. Атамбаевге 14 айып тагылууда. Мурунку президенттин жактоочулары Атамбаевди үй камагына чыгаруу боюнча доо арыз беришкен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты