​Курсан Асановдун иши аскер прокуратурасына өткөрүлдү

  • 5 лет мурун

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурундагы мыйзамсыз иштери аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Бул тууралуу Баш прокуратура билдирди.

ИИМдин Курсан Асанов боюнча ички тергөө материалдарынын жыйынтыгы баш прокуратурага келип түшкен.

Анда айтылгандай, ал учурдагы ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов 7-8-августта Кой-Ташта министрдин талаптарын жана көрсөтмөсүн укпай, өз алдынча чечим чыгарган.

Ошол учурда жеке курам кароосуз жана кооптуу учурда анын көзөмөлүсүз калган.

Ошондой эле ал кылмыш — жазык мыйзамдарын бузуп, далилдерди, буюмдарды тергөөдөн жашырган.

Баш прокуратура материалдарды карап, фактыны кылмыш жана жазалардын бирдиктүү реестрине кызмат абалынан кыянат пайдалануу беренеси менен каттаган.

Ишти тергөөгө аскер прокуратурасына берилгенин баш прокуратура билдирди.

13-августта ички иштер министри Курсан Асанов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен кызматтан бошотулган

ИИМдин басма сөз кызматы кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен милициянын кызыкчылыгын саткандыгы жана ага карата ишенимдин жок болгондугу аныкталгандыгы үчүн ИИМдин орун басарлык кызматынан Курсан Асановду бошотуу тууралуу сунуш берилгендигин билдирген.

Ал эми Курсан Асанов өзүнүн кызматтык милдетин аткарганын билдирген.

7-августта Кой-Ташта күч структуралары тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо аракети боюнча атайын операция болду. Атайын операция учурунда жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны алгач 45 кишиге жетсе, кийин алардын саны 136 адамга жеткен. Атайын отряддын бир жоокери каза тапты. Алты адам барымтага алынган.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге «Киши өлтүрүү», «Куралды мыйзамсыз жүгүртүү», «Массалык башаламандык уюштуруу» деген оор беренелер боюнча кылмыш иштери козголду.

Атамбаев 26-августка чейин Улуттук коопсуздук комитетинин абагында камакта болот.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты