Баш прокуратура Атамбаев жана кылмыш иштери тууралуу

Башкы прокуратура Чүй облусунун Аламудүн районуна караштуу Кой-Таш айылындагы 7-августтагы окуянын алкагында коомчулукка төмөндөгүлөрдү маалымдайт:

Укук коргоо органдары тарабынан А.Атамбаевге карата беш жазык иши боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө.

Тактап айтканда:

1. Кой-Таш айылында А.Атамбаевдин үйү жайгашкан жер тилкеси мыйзамдарда каралган тартиптерди жана мөөнөттөрдү бузуу менен алынган.

“Дастан” ААКнын кээ бир кызмат адамдарынын жана мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын көмөк көрсөтүүсү менен А.Атамбаев Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы жер тилкесин мыйзамсыз басып алган жана азыр пайдаланууда.

Бул факты боюнча КР Аскер прокуратурасынын өндүрүшүндө Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) менен катталган сотко чейинки өндүрүш иштери тергелүүдө.

Сотко чейинки өндүрүш учурунда чогултулган материалдарда өзгөчө оор кылмыштын белгилери бар экендигин көрсөткөн маалыматтар жетиштүү, тактап айтканда Аламүдүн районунун Кой-Таш айылынын аймагында турак үй куруу үчүн “Дастан” ТНК ААКнын бүтпөгөн курулуш профилакторийинин объектилери менен бирге, аянты 2,7 га жер участогун жана Фрунзе токой чарба токой фондунун, аянты 0,55 га жер участогун ээлеп алуу максатында, бийлик ыйгарым укуктарына ээ болгон кызмат адамдары менен укукка каршы туруктуу байланышты түзүү фактысы бар.

2. А..Атамбаевдин тапшырмасы менен, анын координациясы жана түздөн-түз көзөмөлү алдында А.Батукаевди мыйзамсыз бошотуу уюшулган. Бул иш коррупциясыз жана мыйзамсыз ыраазычылык алуусуз болгон эмес.

Бул факты боюнча КР ИИМинин тергөө кызматынын өндүрүшүндө КР Жазык коддексинин 319-бер. 1-б. менен катталгансотко чейинки өндүрүш иши тергелүүдө.

А.Атамбаев, А.Батукаев уюшулган кылмыштуу топтуп жетекчиси, “мыйзамдагы ууру” каймана атына ээ экендигине, коомчулукка жана мамлекетке өзгөчө коркунуч жаратаарына карабастан, аны камактан мыйзамсыз бошотууну чечкен жана бул багыттагы иш-чараларды уюштуруу жагы КР УКМКнын төрагасы Ш.Атахановго тапшырылган.

Кылмыштуу иш-чараны аткаруу үчүн Ш.Атаханов КР укук коргоо, сот жана мамлекеттик органдарынын жогорку кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алып, А.Батукаевди камактан бошотуу менен республиканын аймагынан чыгаруу жана бул багытта тийиштүү чараларды көрүү боюнча талаптарды коюп, бошотуу иш-чаралары жеке А.Атамбаев менен макулдашылганын билдирген.

А.Батукаевди мыйзамсыз бошотуу максатында, А.Атамбаевдин тапшырмасы жана башкаруунун алдында бийлик ыйгарым укуктарына ээ болгон кызмат адамдары укукка каршы туруктуу кылмыштуу байланышты түзүү фактысы бар.

3. 2010-2018-жылдардагы А.Атамбаевдин Бирдиктүү салык декларацияларын изилдөө учурунда кийинкилер аныкталды, 2017-жылдын А.Атамбаевдин декларациясында 54 000 000 сом өлчөмүндөгү С.Пархатиден киреше чагылдырылган, б.а. 2017-жылы С.Пархати тарабынан А.Атамбаевден НПФ «Форум» ЖЧК сатып алган.

2015-жылдын 8-декабрында Токтосун Тюменбаев тарабынан «Хуасинь» инвестициялык компаниясы» ЖЧКнын кайра каттоосу үчүн 247 сом өлчөмүндөгү акча каражаты Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эсебине которулган, Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы сурьманы иштетүүгө укук берүүчү лицензияга бонус катары каралган 1 588 000 сом акча каражаты. Бул жагдайлар С.Пархати менен Т.Тюменбаев аффилирленген адамдар экендиги тастыктайт.

Жогоруда көрсөтүлгөндөрдүн негизинде, «Хуасинь» инвестициялык компаниясы” ЖЧКсы, “Терексай Жаштары” ЖЧКсы жана “АКА Инвест” ЖЧКсы А.Атамбаев менен аффилирленген компаниялар деген күмөн жаратат.

А.Атамбаевдин 2017 жылкы декларациясында С.Пархатиден алган 54 млн. сом кирешеси көрсөтүлгөн, б.а. 2017 жылы С.Пархати А.Атамбаевден НПФ “Форум” ЖЧКсын сатып алган.

Бул факты боюнча КР Аскер прокуратурасынын өндүрүшүндө КР Жазык кодексинин 319-беренеси 2-б.(коррупция) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши тергелүүдө.

Мыйзамсыз жолу менен табылган мүлктөрдү адалдаштыруу максатында А.Атамбаев бир нече активдери курулай келишим менен саткандыгын көрсөтүп, чындыгында ал активдер А.Атамбаевдин менчигинде калган.

Азыркы күндө, чогултулган маалыматтарды эске алганда, С.Пархатиге жазылган мүлктөр жана компаниялар иш жүзүндө А.Атамбаевге тиешелүү экендиги жана С.Пархати жөн эле анын атына мүлктөрдү жаздырып койгон адам экени көрүнүүдө.

Жазык иштин материалдарында өзгөчө оор кылмыштардын белгилери бар экендигин көрсөткөн маалыматтар жетиштүү, тактап айтканда мүлктөр менен байланыш курулай бүтүмдөрдү түзүү, мыйзамсыз баюу, мыйзамсыз тапкан акча каражаттарын адалдаштыруу жана өзүнүн бийлик ыйгарым укуктарын материалдык баалуулуктарды алууга пайдалануу максатында, бийлик ыйгарым укуктарына ээ болгон кызмат адамдары менен укукка каршы туруктуу байланышты түзүү, натыйжада мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарга коркунуч жана зыян келтирилген фактылары бар.

4.Башкы прокуратура тарабынан Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай, Финансы, Юстиция министрликтеринин, “Электр станциялар” ЖАКнын кызмат адамдары жана башкаларга карата Кыргыз Республикасынын КЖКнин 303-бер. 1-б. (коррупция) менен “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын укуктарын жана кызыкчылыктарын сактабастан, долбоор аткаруучу “ТВЕА” кытай компаниясына негизсиз артыкчылыктар берилгендиги, жыйынтыгында мамлекеттке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгендиги боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул факты боюнча 2019-жылдын 12-июнунда КР УКМКсы тарабынан А.Атамбаевге карата материалдар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 319-бер. 2-б. (коррупция) менен сотко чейинки өндүрүш катталган.

А.Атамбаев Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорун Кытай Эл Республикасынын кредити аркылуу ишке ашыруу боюнча бардык стратегиялык чечимдерди, анын ичинде подрядчикти Кытай тарабынан тандалышына макулдук берүүнү өзү, мамлекет башчысы катары кабыл алган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарына кирген “Бишкек ЖЭБин модернизация” долбоорун ишке ашыруу маселесин башына Президенттин аппаратынын бөлүмүнүн башчысы С.Исаковду коюп, анын кызмат каттарын КРнын Өкмөт башчысына жибербей, энергетика жана өнөр жай министрине аткаруу үчүн түздөн-түз жолдогон.

Мындан сырткары, “ТВЕА” компаниясынын электр кубатын чыгаруу объектилерин курууда тажрыйбасы жоктугун, бул компанияны подрядчик катары тандоо процедурасы ачык болбогондугун аныктап, “ТВЕА” компаниясын тандоо жөнүндө чечимди кайрадан карап чыгуу керектиги жөнүндө Н. Ахметованын кызмат катын атайын кароосуз калтырып, кандайдыр-бир чараларды көрбөстөн, “таанышып чыктым” деген резолюциясы менен катты кайтарган.

Ошондой эле, С.Исаков 2013-жылдын 8-ноябрында КР Жогорку Кеңешинин бир нече депутаттары “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоору боюнча кредиттик келишимин ратификациялоо жөнүндө мыйзамдын кабыл алынуусуна каршы чыгууга даярданып жатышкандыгы жөнүндө кат менен КР Президенти А.Атамбаевге кайрылып, Жогорку Кенеште бул маселени түшүндүрүү жана чечүү боюнча масштабдуу иштерин жүргүзүү жөнүндө КР премьер-министрине тапшырма берүүнү сунуштаган. Буга А.Атамбаевден “Илмияновго жана Молдалиевге, көрсөтүлгөн маселени чечүү боюнча тийиштүү чара көрүңүз” деген резолюция түрүндө тапшырма берилген.

5.Бишкек шаарынын ЖЭБине мыйзамсыз көмүр киргизүүдө, А.Атамбаевдин кызыкчылыктарын коргогон “Прогресс Компани” и “Рассвет компани” компаниялары менен коррупциялык байланыш бар экендиги жөнүндө.

Бул факты боюнча КР Аскер прокуратурасынын өндүрүшүндө КР Жазык кодексинин 319-бер. 2-б.(коррупция) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши тергелүүдө.

2014-жылы КР Президенти А.Атамбаев өзүнүн ээлеген кызматына жана бийлик ыйгарым укуктарына таянып, мамлекеттик органдардын жана энергокомпаниялардын айрым кызматкерлери менен бирге укукка каршы бекем байланыш түзүп, “Прогресс компани” ЖЧКнын жетекчилеринин жана ушул ишканага байланышы бар компанияларга мыйзамсыз пайда берүү жолун көздөп, КРн Энергетика жана Өнөр жай министрлигине жана “Электро-станциялары” ААКнын ишмердүүлүгүнө мыйзамсыз киришип, аларга басым көрсөтүп,“Прогресс компани” ЖЧКнын кызыкчылыгын колдоп, аларды Бишкек шаарынын ЖЭБин көмүр менен камсыздоого жол ачкан. Жыйынтыгында, мамлекеттин кызыкчылыктарына олуттуу коркунуч жана зыян келтирилген.

Жазык иштин материалдарында өзгөчө оор кылмыштын белгилери бар экендигин көрсөткөн маалыматтар жетиштүү, тактап айтканда материалдык, кандай гана болбосун башка дөолөттөрдү жана артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу, ошондой эле коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгына коркунуч келтирүүчү жеке адамдарга жана юридикалык жактарга бул дөөлөттөрдү жана артыкчылыктарды берүү максатында, бийлик ыйгарым укуктарына ээ болгон кызмат адамдары менен укукка каршы туруктуу байланышты түзүү фактысы бар.

2019-жылдын 21-июнунда Башкы прокурордун атына “Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш.Атамбаевге каршы аны статустан ажыратуу үчүн күнөө коюу жөнүндө ”Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу атайын комиссиясынын кортундусу, А.Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткарган мезгилинде жасаган аракеттеринде кылмыштын белгилери бардыгы жөнүндө корутунду берүү үчүн келип түшкөн.

Башкы прокуратура келип түшкөн документтерди карап чыгып, өзүнүн корутундусун берген. Аталган корутундунун негизинде Жогорку Кеңеш А.Атамбаевды экс-президент статусунан ажыратуу жөнүндө токтомун кабыл алган_-деп белгиледи Баш прокуратура. .

7-августта Атамбаевди кармоо боюнча жүргүзүлгөн атайын операцияда күч органдары менен мурдагы президенттин тарапкерлери кагылышты. Андан жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны 45 кишиге жетти.

Бишкектеги травматология жана ортопедия борборунун директору Сабыр Жумабеков жана Саламаттыкты сактоо министрлиги атайын операция маалында атайын даярдыктагы бөлүктүн бир кызматкери каза болгонун билдирген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты