Караколдогу 2028 аскер бөлүгүнүн жооптуу кызмат адамдары камакка алынды

  • 2 месяца мурун

Аскер прокуратурасы тарабынан кенже сержант Ж.Асанакунованын 2028 аскер бөлүгүндөгү жооптуу кызмат адамдарынын бир топ мыйзамсыз аракеттери тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылган видео кайрылуусу боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүдө, Ж.Асанакунованын кайрылуусундагы беш дооматы боюнча мыйзам бузуу фактылары аныкталды.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, аталган фактылар боюнча аскер бөлүктүн жооптуу кызмат адамдарына карата кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык), 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу, коротуу) жана 131-беренеси (ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү) менен кылмыш иши козголду.

Кылмыш иштин алкагында кылмышка шектүү катары аскер бөлүктүн командири А.Б., анын орун басары Б.К., прапорщик К.К. уулу жана жеке ишкер Т.Е. камакка алынды.

Учурда тергөө иштери улантылып, кылмышка тиешеси бар башка адамдар такталууда.

Сүрөттөр: Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты