Камчыбек Ташиев: Эмил Жамгырчиевди камайлы деген ой жок. Ал 2-кабаттан секирип качып кетиптир

  • 4 месяца мурун

Бүгүн, 10-январда, Жогорку Кеңеш Башкы прокуратуранын депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушун кароону улантууда.

Анда комиссия мүчөсү Алишер Эрбаев Жамгырчиев боюнча кенен маалымат берди. Ал Эмил Жамгырчиевдин Өзбекстанга мыйзамсыз баргандыгын билдирди.

Жыйынга башкы прокурор Курманкул Зулушев, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев катышууда.

Камчыбек Ташиев депутат Эрулан Кокуловдун суроосуна жооп берип, Жогорку Кеңеште консультанттын чет өлкөгө документ жөнөтүп жаткандыгы боюнча маселени карап жатып, Эмил Жамгырчиевге келип такалганын айтты. Ташиев ошол документтин артынан Ташкентке барып, Жамгырчиев ал жакта ошол документти кабыл алганын билдирди.

Камчыбек Ташиев чек араны мыйзамсыз кесип өтүү бул оор кылмышка кирбестигин, бул боюнча жарандар камалбай турганын айтты. «Чек араны мыйзамсыз өтүү беренеси боюнча эч ким камалбайт» деди УКМК төрагасы Ташиев.

“Чек арадан мыйзамсыз өткөн деген айып коюлган Кыргызстандын бир да жаранын камабайбыз. Камаган да эмеспиз. Эмил Жамгырчиевге айтып койгула. Камалбайт. Келсин да сотто жооп берсин. Тергөөгө бүгүн эле келсин. Кармабайбыз, камабайбыз. Биз Эмил Жамгырчиевди издеген жокпуз. Аны издей турганга негиз да жок” деди Ташиев.

Камчыбек Ташиев Эмил Жамгырчиев Өзбекстанда криминалдык төбөлгө кат жазганын билдирди. «Камчыбек Кыдыршаевич 180 миң доллар» доолады дептир. Мунун атасына бирөөлөр барып «Камчыбек Кадыршаевич сурап жатат деп, атасынан 180 миң доллар алып алышыптыр. Кайсы бир маалды шайлоодо биздин тегерегибизде жүргөн. Ал акчалар атасына кайтарылып берилген.

Депутаттык комиссия Эмил Жамгырчиевди жоопкерчиликке тартууга уруксат бергендиги маалымдалган.

Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушун парламентке башкы прокурор Курманкул Зулушев келтирген. Бул тууралуу 27-декабрда парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев айтты. Анын айтымында, депутатка кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен айып тагылууда.

Эмил Жамгырчиев “чек араны мыйзамсыз өттү” дегенге макул эместигин, чек арадан мыйзамсыз өтүүгө зарылчылык болбогонун айтты.  

УКМК тергөөчүлөрү депутатка чакыруу кагазын берүүгө келгенде Жамгырчиев фракциялашынын кабинетине кирип, 2-кабаттагы терезеден секирип түшкөнү айтылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты