Төлөнгөн айып пулду өз чөнтөгүнө салган сот аткаруучуларга кылмыш иши козголду

  • 4 месяца мурун

Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон райондук сот аткаруучулар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Б.Ы.уулу төлөгөн 60 миң сом айып пулду мамлекеттин эсебине которбостон, өздөрү алып алышкан.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Базар-Коргон райондук прокуратурасы тарабынан райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүндө текшерүү жүргүзүлдү.

Соттун өкүмү менен Б.Ы.уулу аттуу жаран “уурдоо”, “алдамчылык” беренелери менен күнөөлүү деп табылып, ага 60 миң сом өлчөмүндөгү айып пул салынып, аталган жарандын жашаган дареги боюнча Базар-Коргон райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнө аткаруу барагы жиберилген.

Ал эми, Базар-Коргон райондук САКБнын кызмат адамдары кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланып, Б.Ы.уулу төлөгөн 60 миң сом айып пулду мамлекеттин эсебине которбостон, өздөрү алып алышкан. Аны менен бирге, жасаган кылмышты жашыруу максатында 600 сом гана өлчөмүндө акча каражатын мамлекеттик алым катары төлөтүп, сот органына аткаруу барагын аткарылгандыгы тууралуу жалган маалымат жиберишкен.

Аталган факт боюнча райондук прокуратура тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттерин жүргүзүү райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына тапшырылды.

Учурда иш боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты