​Тажикстанда ажылыкка баргандардын саны азаюуда

  • 5 лет мурун

Тажикстанда каатчылыктан улам ажылыкка баргандардын саны кыйла азайды.

Бул тууралуу Тажикстан Дин иштери жана салттарды жөнгө салуу комитети билдирди.

Мекеме жетекчиси Сулаймон Давлатзоданын айтымында, мындай көрүнүш 2018-жылдан бери байкалууда.

Өткөн жылы Сауд Арабия тажик зыяратчыларына 7,5 миңге жакын квота берсе, ажылык сапарга болгону 6,5 миң гана киши барган.

«Быйыл Сауд Арабия Тажикстанга 7,5 миң квота берди, бирок ажыга мынча адам барбачудай болуп турат. Анткени азыр айрымдары дыйканчылык менен алектенип жатса, башкалары каржы булактарын издеп жүрүшөт. Ажылык сапарга быйыл канча тажик жараны барары өнөктүк аяктаганда гана белгилүү болот», — деди Давлатзода.

Зыяратчылардын 160 кишиден турган алгачкы тобу Сауд Арабиясына 22-июлда учуп кеткен.

Быйыл Тажикстанда ажылыктын баасы 38 миң 128 сомони же 3 700 долларды түзөт. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 1 800 сомониге кымбат.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты