Атамбаев: Орусияга барып келишим мүмкүн

  • 5 лет мурун

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кийинки жумада Орусияга барып келиши мүмкүн экенин билдирди.

Ал бул тууралуу 19-июлда Кой-Таш айылындагы үйүндө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

«Кимдер бирөөлөрдүн менин Орусияга барып келишимди каалабаганы байкалып турат. Мени чакырып жаткан адам баарын жакшы кылууга аракет кылып жатат. Бирок өзүмө, Кудайга жана чыныгы досторго ишенип, бардыгына даяр болуш керек», — деди Атамбаев.

Ал журналисттердин «өлкөдөн чыгып кетүүгө жана кайра кайтууга кепилдик алдыңызбы?» деген суроосуна «мени чакырып жаткан адам баарын жакшы кылууга аракет кылып жатат» деп жооп берди. Бирок чакырып жаткан адамдын атын атаган жок.

Алмазбек Атамбаев чет мамлекетке чыгып келерин буга чейин да билдирген. Бирок кайсы өлкөгө барарын ачык айткан эмес.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты