​Ысык-Көлдө “Хан Теңири” лагеринде эки кишини өлтүрүүгө шектүү изделүүдө

Жаңылыктар

Ысык-Көлдө “Хан Теңири” лагеринде эки кишини өлтүрүп, дагы бирин жарадар кылып, аялды барымтага алып качууга шектүү Сергей Смирнов изделип жатат. Ага расмий издөө жарыяланды.

Анын сүрөт роботу менен кыргыз-казак чек арачыларына берилди.

Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ИИБ билдирди.

4-июлда Сырт жакта жайгашкан “Хан Теңири” лагеринде Сергей Смирнов эки кишини атып өлтүрүп, бир кишини жарадар кылып, бир аялды барымтага алып качып кеткен. Кийин аялды кое берген.

ЖаңылыктарЫсык-КөлХан-Теңирикиши өлтүрүүИИБ