Ак-Сууда кар көчкү алдында калган Чехиянын төрт жараны каза тапты
- 2 месяца мурун
- Видео
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң айылында Чехиянын төрт жаранын кар көчкү басып калып, каза болду.
Жыргалаңда кырсык болгон 25-февраль күнү кар көчкү түшкөндүгү, айлана тунарыктап көрүнбөй турганы белгиленди.
Социалдык тармактарга жарыяланган маалыматты “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов тастыктады. Чехиянын 23 жараны тоого лыжа тебүүгө чыгышкан. Алардын арасынан 19 киши аман калган, төртөө каза болгон
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!