Караколдо майнинг-ферманы электр тармагына мыйзамсыз кошкон факты аныкталды
- 8 месяцев мурун
- Видео
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Каракол райондук электр тармактар ишканасынын кызматкерлери менен бирге майнинг-ферманы облустун электр тармактарына мыйзамсыз кошуу фактысы аныкталды.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Каракол шаарындагы үйлөрдүн биринде электр тармактарына мыйзамсыз кошулган, электр энергиясын уурдоо менен майнинг-фермасын түзүү жолу аркылуу криптовалютаны чыгаруу боюнча мыйзамсыз иш-аракеттер уюштурулгандыгы аныкталды.
Тинтүү учурунда, үйдүн кампасынан криптовалютаны иштетүү үчүн 12 даана жабдуу табылып алынды.
Келтирилген зыянды эсептөө иштери жүрүп жаткандыгы белгиленди.
Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!