Сузак районунда 2015-жылдагы киши өлтүрүү фактысынын бети ачылды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 2015-жылдагы киши өлтүрүү фактысынын бети ачылды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

2015-жылдын 3-сентябрында Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын Кыр-Жол айылынын тургуну 1971-жылы туулган М.К.А.нын зомбулуктун белгилери болгон сөөгү табылган.

Бул фактынын негизинде Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 1-бөлүмү (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Бирок бул кылмыштын бетин ачууда ички иштер башкармалыгы тарабынан сегиз жылдан ашык убакыттан бери жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларында конкреттүү жыйынтык болгон эмес.

Бул ишке байланышту, өлтүрүлгөн М.К.А.нын жакын туугандары УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге бул бул кылмышты жасаган адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүп берүү боюнча өтүнүч арызы менен кайрылган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ыкчам-иликтөө иш-чараларынын комплексин жүргүзүүдө, бул киши өлтүрүүнү жасаган адам аныкталып, ал маркумдун айылдашы, 1989-жылы туулган К.А.А. аттуу жаран аныкталып, мас абалында жана жеке кастыктын негизинде М.К.А.ны өлтүргөндүгүн мойнуна алган.

Кармалган К.А.А. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө камак жайына киргизилип, учурда бул кылмышка тиешеси бар болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты