Атамбаевдин иши боюнча ИИМге Сергей Слесарев да барбай турган болду

  • 5 лет мурун

«Апрель» телеканалына берген интервьюсунда Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев «Алмазбек Атамбаевге ИИМ кагаз жиберип чакырта албайт, себеби анын экс-президент катары кол тийбестиги бар» деп билдирди

2003-жылдагы Кыргыз Республикасынын КР Президентинин кол тийбестиги тууралуу мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр Атамбаевге да тиешелүү. Анын кол тийбестик иммунитети бар. Мыйзам артка кайтуу күчүнө ээ эмес. Ошондуктан ИИМдин чакыруу кагазы мыйзамсыз» деп билдирди.

Слесаревдин айтуусунда, Атамбаев ИИМ тергөөсүнө барбайт, Слесарев болсо, мыйзам бузулуп жаткандыгын көрсөтүп, кат алып барып таштайт.

ИИМдин Тергөө башкармалыгына 9-июлга Алмазбек Атамбаев күбө катары чакырылганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирген.

27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди экс-президенттик жана кол тийбестик статусунан ажыраткан.

Батукаевдин бошотулушу боюнча Биринчи май райондук соту мурдагы Баш прокурор Аида Салянованы 26-августка чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган. 5-июлда шаардык сот райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган.

Мурдагы вице-премьер Шамил Атаханов кармалып, баш коргоо чарасы өзгөртулгөн.

Ушул эле иш боюнча лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылган.

Мындан тышкары Саламаттык сактоо экс-министри Динара Сагынбаева да кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган.

Зарылбек Рысалиевдин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынган.

Мурдагы прокурор Майрамбек Акматалиев кармалып, үй камагынач ыгарылган.

«Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаев Чүйдүн Аламүдүн районунун сотунун өкүмү менен оор кылмыштар боюнча 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган. 2013-жылы рак дарты менен ооругандыгына байланыштуу деген жүйө менен абактан биротоло бошотулган.

2019-жылы январь айында Батукаевдин иши кайра карала баштаган. Аны негизсиз бошотууга катыштыгы бар кызмат адамдары жогоруда белгилегендей, жоопкерчиликке тартыла баштаган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты